Израил Газада барымтада турган дагы алты жаранынын сөөгү табылганын билдирди

Газада сөөгү табылган израилдиктер.

Израил Газа секторунда ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) барымтага алып кеткендердин дагы алтоонун сөөгү табылганын билдирди. Өлкөнүн Куралдуу күчтөрү (ЦАХАЛ) 1-сентябрда маалымдагандай, алар Эден Йерушальми, Ори Данино, Кармель Гат, Герш Гольдберг-Полин, Альмог Саруси жана Александр Лобанов. Александр Лобанов Израилден тышкары Орусиянын да жараны болгон.

Израилдин Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы алардын баары тең жакында эле өлтүрүлгөнү белгилүү болгонун кабарлады.

Израил 20-августта алты жаранынын сөөгүн аскерлер Газанын түштүк тилкесиндеги Хан-Юнис шаарындагы туннелдердин биринен алып чыгышканын жарыялаган.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС Газа секторунан Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен. Өткөн жылдын ноябрь айында ок Израил менен ХАМАСтын ок атышпоо келишими учурунда барымтадан 105 адам куткарылган. Алар Израилдин түрмөлөрүндө жазасын өтөп жаткан палестиналыктарга айырбашталган.

Израилдин маалыматы боюнча, ушул тапта ХАМАС тобунун колунда дагы 100дөй киши барымтада калууда. Алардын 34ү каза болгону тастыкталган, сөөгү өткөрүлүп бериле элек.

Израил октябрдагы кандуу окуядан кийин ХАМАСты жок кылууга убада берген жана Газа секторунда чабуул баштаган. Он айда Газада каза болгондор 40 миңге жеткенин сектордун саламаттык сактоо мекемеси билдирген. (BTo)

Дагы караңыз

31-августта Ала-Тоо аянтында 502 бала жоголуп, жакындарына кайтарылдыБишкектин көчөлөрүнөн 480ден ашык жарнама такталары алындыМатраимовдун “Эрем” спорт клубу Ош шаардык мэриясына өткөрүлдүМилиция Нарында аялын бычак менен сайган адам кармалганын билдирдиМиланда Европадагы кыргыз диаспораларынын форуму өттү