Жалал-Абадда административдик имараттын курулушу башталды

Жалал-Абадда жаңы административдик имараттын курулушу башталды. 29-август, 2024.

Жалал-Абад шаарында президенттин өкүлчүлүгүнүн жана мэриянын административдик имаратынын курулушу башталды. Имарат Жалал-Абад шаарындагы Байзаков көчөсүнө, мурда Жазаларды аткаруу кызматына караган 7,6 гектар жерге салынып жатат.

Курулушка 29-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев капсула салды. Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, абак Базар-Коргон районуна жылдырылган.

Курулушту 2025-жылы пайдаланууга берүү пландалууда. Ал жети кабаттан туруп, массалык иш-чараларды өткөрүүчү аянтча жана сейил бак менен курчалат. Каражат республикалык бюджеттен бөлүнүп, жалпы 1,6 млрд сомду түзөт.

Жалал-Абаддагы мэрия жана өкүлчүлүктүн азыркы имарттары экөө эки башка жерде жайгашкан, бирок шаардын борбордук бөлүгүндө болчу. (ТВ)

Дагы караңыз

Бишкек мэри троллейбустар аймактарга берилерин билдирдиПакистанда талибдер армия офицерин, анын үй-бүлө мүчөлөрүн уурдап кеттиБУУнун баш катчысы Израилди Батыш Жээктеги операциясын токтотууга чакырдыАба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт