Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:50

БУУнун баш катчысы Израилди Батыш Жээктеги операциясын токтотууга чакырды


Израил армиясы Батыш Жээктеги Женин шаарында аскердик операция жүргүзүп жатышат. 28-август, 2024-жыл.
Израил армиясы Батыш Жээктеги Женин шаарында аскердик операция жүргүзүп жатышат. 28-август, 2024-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Израилди Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги аскердик операциясын дароо токтотууга чакырды.

X социалдык түйүнүнө жазган билдирүүсүндө оккупацияланган Батыш Жээктеги соңку окуялар "терең тынчсыздантарын" билдирген.

"Мен адамдардын, анын ичинде балдардын өмүрүнүн кыйылышын кескин айыптайм жана бул операцияларды дароо токтоттуга чакырам",- деди ал.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башка комиссары Жозеп Боррел дагы "Газадагы согуштун жайылып кетүүсүн алдын алууну" эскертти.

Израил армиясы 28-августта Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги төрт шаарда - Женин, Тулкарм, Наблус жана Тубаста ири масштабдагы аскердик операциясын баштаган. Израил аскерлери муну "террорчулукка каршы операция" катары сыпааттап жатышат.

29-августтун таңында ЦАХАЛ Тулкарм шаарындагы "мечитте жашырынып жаткан беш куралчан террорчуну" жок кылганын билдирди. Маалыматка караганда, алар атышууда мүрт кетишкен. Ошондой ЦАХАЛ жок кылынгандардын арасында жергиликтүү "террорчу уюмдун" башчысы Мухаммад Жабер да бар экенин, операциянын биринчи күнүндө тогуз жоочу өлтүрүлгөнүн кабарлаган.

Эл аралык Кызыл чырым уюму Израилдин армиясынын операциясынан 11 кишинин өмүрү кыйылып, 20дан көбү жараат алганын палестиндердин Саламаттык сактоо башкармалыгына таянып билдирди.

Газада согуш башталган былтыр октябрь айынан бери Иордан дарыясынын Батыш жээгинде израил аскерлеринин рейддеринен 640тан ашуун палестиндин өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG