Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:47

Бишкек мэри троллейбустар аймактарга берилерин билдирди


Бишкек шаардык кешинин кезексиз жыйыны. 29-август, 2024
Бишкек шаардык кешинин кезексиз жыйыны. 29-август, 2024

Бишкекте каттамдан алынып жаткан троллейбустар аймактарга берилет. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев 29-августта Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында билдирди.

"Биз троллейбустарды сатпайбыз, аймактарга берип жатабыз. Бул мамлекеттин, өлкө жетекчилигинин жана Бишкек мэриясынын саясаты. Баары бирдей өнүгүшүн каалайбыз. Бишкектин аймагы үч эсеге көбөйдү. Баары азыр автобустар келбей жатат деген көйгөйдү айтууга даяр. Троллейбустарды калтырсак, алар ошол жакка жетеби? Жаңы аймактарга жетүү үчүн биз мындан да көп мобилдүү автобустарды жана электр автобустарын сатып алышыбыз керек", - деди Жунушалиев. Ал ишти улантууга шаардык кеңештин депуттарынын колдоосу зарыл экенин белгиледи.

Мэрдин айтымында, бүгүнкү күндө Бишкек миң автобус менен камсыз болуп, 1,5 миңден ашуун кичи автобустар шаардан чыгарылды.

Бишкек шаардык мэриясы калаадагы троллейбустарды электробустарга алмаштырып жатканы май айынын башында белгилүү болгон. Экологиялык активисттер мэриянын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынан расмий жообуна таянып, троллейбустарды байланыш түйүнү жана тарткыч көмөкчордондор менен бирге Ош, Токмок жана Кара-Балта шаарларына өткөрүү пландалып жатканын айтып чыгышкан.

#SaveBishkekTrolleybus кыймылы жана башка демилгелүү топтор буга каршы чыгып, коомдук транспорттун экологиялык түрүн сактап калууну талап кылышкан.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Кадырбек Атамбаев 6-майда Фейсбукка пост жазып, бул маселе эки ай мурун көтөрүлгөнүн, депутаттар каршы чыкканына карабай мэрия ушундай чечимге келип жатканын билдирген. Ал 21-июнда жазган постунда шаардык кеңештеги “Социал-демократтар” фракциясы троллейбус линиясынын алынышын “мыйзамсыз аракет” деп баалап, прокуратурага кайрылганын маалымдаган.

Мэрия июндун башында Байтик баатыр жана Ахунбаев баштаган көчөлөрдө троллейбус зымдарын алган.

Ушул маалга чейин муниципалдык бийликке таандык 135 троллейбус 11 каттамда эл ташып келген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG