Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

30-августта түнкүсүн жана күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27 градус жылуу болот.

Бишкекте түнкүсүн бир аз жаан жаап, кун күркүрөшү мүмкүн. Күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 27…29° жылуу болот.

Дагы караңыз

Орусиянын бийлиги мигранттарды көзөмөлдөө үчүн атайын реестр түзүүнү көздөп жатат Министр жаңы Ак үйдүн маңдайына өкмөттүк шаарча куруларын айтты ТИМ Новосибирскиде кырсыкка кабылган кыргызстандык тууралуу маалымат берди15 жаштагы секелек кабылган окуя боюнча төрт кыз кармалды