Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:43

15 жаштагы секелек кабылган окуя боюнча төрт кыз кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги Ошто кордук көргөн 15 жаштагы кыздын ишине байланыштуу кошумча маалымат берди. Мекеменин 29-августта билдиргени боюнча, 18-23 жаштагы төрт кыз кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Милиция ыкчам-тергөө амалдарынын жүрүшүндө окуянын бардык жагдайлары жана катышуучулары аныкталганын белгилеп жатат.

"15-август күнү Ош шаарынын тургуну, 15 жаштагы кызды топ кыздар, Кара-Суу районундагы каналына алып барып, эч себепсиз уруп, чачын жана кашын кырып, күч колдонуп белгисиз даректе кармап отургандыгы маалым болгон", - деп айтылат маалыматта. Милиция Кылмыш жаза кодексинин 159-беренеси менен (Сойкулук кылууга тартуу) кылмыш ишин козгогон.

Кылмышка шек саналып 2003-жылы туулган Э.Б., 2001-жылы туулган К.М., 2004-жылы туулган Ш.Н., 2006-жылы туулган М.М. кармалган.

ИИМ кылмыш иши боюнча тергөө уланып жатканын билдирди.

27-августта аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымат берип, кызды уруп-сабоого катышы бар деген шек менен 21 жаштагы жана жашы жете элек менен интимдик катнаш жасоого барган деген шек менен 27 жаштагы жаран тергөө кызматына жеткирилгенин кабарланган.

Азырынча кармалгандардын жакындары же адвокаттары комментарий бере элек.

Окуяга байланыштуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдарынын жетекчилерине кайрылып, кыздын укугун коргоого жана тез арада чара көрүүгө чакыргандан кийин коомчулукка ачыкталган.

Башкы прокуратуранын 2023-жылдагы расмий маалыматы боюнча Кыргызстанда балдарга каршы 1 832 кылмыш жасалган. Мунун 478и Бишкекте, 427и Чүй облусунда, 220сы Жалал-Абадда, 225и Ош облусунда, 177и Ош шаарында, 119у Ысык-Көлдө, 89у Баткенде, 58и Нарында жана 39у Таласта катталган.

Кыргызстандын акыйкатчысы 2022-жылы өлкөдө жашы жете элек балдарга зордук-зомбулук, адам укугун бузуу боюнча иштердин 31% кыскартылып, 32% гана сотко жеткенин маалымдаган. Калган 37% создуктурулуп, териштирүү этабында калган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG