ТИМ Новосибирскиде кырсыкка кабылган кыргызстандык тууралуу маалымат берди

Тышкы иштер министрлиги.

Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Новосибирск шаарында Кыргызстандын жараны катышкан жол кырсыгы тууралуу маалымат берди.

Жол кырсыгы 23-августта Новосибирск облусунун Чаны аймагында катталган. ТИМдин маалыматына ылайык, кырсыктын жагдайларын аныктоо максатында Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу Чаны аймагынын полиция бөлүмүнүн тергөөчүсү менен байланышкан.

Тергөөчүнүн маалыматы боюнча, Кыргызстандын жаранына карата Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Учурда кырсыкка кабылган кыргызстандык жаран ооруканага жаткырылып, тиешелүү медициналык жардамдарды алууда.

"Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу жарандын туугандары менен байланышта болуп, керектүү консулдук жардам көрсөтүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин сонку маалыматына ылайык, Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар. 2022-жылы бул сан 587 миң болчу. (КЕ)

Дагы караңыз

ЦРУ: Украина Курскиге жакын аймактарда көзөмөлдү сактап калууга ниеттенүүдөЗеленский АКШга согуштагы "жеңиш планын" көрсөтөтИндиянын 90дон ашуун жараны Украинадагы согушка жөнөтүлүп, сегизи каза болгонУКМК өзбекстандык кримтөбөл Салим Абдувалиевдин тарапташы кармалганын билдирди