Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

ЦРУ: Украина Курскиге жакын аймактарда көзөмөлдү сактап калууга ниеттенүүдө


Дэвид Коэн.
Дэвид Коэн.

Украина Орусиянын Курск облусундагы аймактарда көзөмөлдү сактап калууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) директорунун орун басары Дэвид Коэн чалгындоо жана улуттук коопсуздук боюнча конференцияда билдиргенин Reuters агенттиги жазды.

"Киев чектеш аймактарды аннексиялоо планы жок экенин билдирген, иш жүзүндө Украинанын куралдуу күчтөрү коргонуу линиясын куруп жатат", - деп белгилеген Коэн. Анын айтымында, украин армиясы аймакты кандайдыр бир убакытка кармап турууну көздөп жатат.

Америка чалгын кызматынын белгилешинче, ушул тапта Курск облусунун 800 чарчы километри украин армиясынын көзөмөлүндө.

Буга чейин Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башчысы учурда алар 1300 чарчы километрди өз көзөмөлүндө кармап турушканын билдирген.

Коэн Орусиянын президенти Владмир Путин сөзсүз Курск облусуна контрчабуул жасап, жоготкон аймакты кайтарууга аракет кыла турганын белгиледи.

"Болбосо Кремлге коомдогу терс кесепеттер менен күрөшүүгө туура келет", - дейт ЦРУнун башчысынын орун басары.

Америкалык басылмалар Курск облусун кайрадан көзөмөлгө алуу үчүн Москвага 50 миңдей аскер керек деп жазды.

"Учурда Орусияда мындай сандагы аскер кызматкерлери жок", - деп маалымдайт чалгындын маалыматтары менен тааныш болгон булактар.

Орусиянын Коргоо министрлиги Донбасстагы Покровск багытындагы аскерлерди чыгарууну пландабайт. Bloomberg агенттиги Орусия Курск аймагына милдеттүү аскерге чакырылгандарды жөнөтүшү мүмкүн экенин билдирди.

Украина Орусиянын Курск облусунун аймагына 6-августта, Орусия Украинага бастырып киргенден 2,5 жыл өткөндөн кийин кирип барган.

Орусия Курск жана Белгород облустарында федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал жарыялаган. Бир нече жараны каза тапканын, 200 миңдей жараны эвакуация болгонун кабарлаган.

Зеленский 13-августтагы кайрылуусунда Курск облусунда жүздөгөн орусиялык аскер туткунга түшкөнүн билдирген. Москва бул тууралуу комментарий берген эмес.

XS
SM
MD
LG