Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:37

УКМК өзбекстандык кримтөбөл Салим Абдувалиевдин тарапташы кармалганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) издөөдө жүргөн өзбекстандык кримтөбөл, “Салимбай байбача” деген каймана ат менен таанылган Салим Абдувалиевдин тарапташы, М.М.М. атуу Кыргызстандын жараны кармалганын 29-августта кабарлады. Атайын кызмат кармалган адам Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 68 жаштагы тургуну экенин билдирди. Маалыматка караганда, ал буга чейин кармалган З.Э.Т. аттуу адам менен бирге Ташкент шаарында издөөдөгү “Салимбай байбачага” жолуккан.

"Жүргүзүлгөн тиешелүү тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, кармалган жаран уюшкан кылмыштуу тобунун идеологиясынан баш тартып, Кыргызстандын мыйзамдарына баш ийе турганын билдирген", - деп айтылат маалыматта.

УКМК Уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү жана ага тиешеси бар адамдардын ишмердигине бөгөт коюу боюнча иштердин алкагында Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаарында туулган З.Э.Т. аттуу адам кармалганын 21-августта кабарлаган. Маалыматта 46 жаштагы жаран ушул кезге чейин толук аты-жөнүн бир нече жолу өзгөрткөнү аныкталганы айтылган.

Ал быйыл август айында Москва шаарынан Раззаков шаарына келип, УКМК издөө жарыялаган, Өзбекстандагы уюшкан кылмыштуу топтун лидери Салим Абдувалиев (лакап аты “Салимбай байбача”) менен түшкөн биргелешкен сүрөтүн көрсөтүп, өз чөйрөсүндө мактанган.

Кыргызстандын атайын кызматы кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган деген шек менен Салим Абдувалиевге издөө жарыялаган.

Кримтөбөл аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Бул окуядан кийин ал мыйзамсыз тапкан делген ондогон мүлк, автоунаалар мамлекетке алынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG