Newsweek: Түндүк Корея Орусияга курал-жабдык жүктөлгөн 13 миңдей деңиз контейнерин жөнөткөн

Түндүк Корея Орусияга 2022-жылдын ортосунан бери 13 миң деңиз контейнерин жөнөткөн. Болжол менен анда курал-жабдык болушу мүмкүн экенин Newsweek басылмасы Түштүк Кореянын чалгын кызматына таянып жазды.

Түндүк Корея өлкө чыгышындагы Наджин порту аркылуу Орусия Украинага согуш ачкан эки жылдан бери курал-жабдык жөнөтүп келгени маалым болду. Контейнерлерде алты миллиондон көп 152 миллиметрлик артиллериялык снаярддар болушу ыктымал.

Андан тышкары Түндүк Корея 122 миллиметрлик артиллериялык снаряддарды, мобилдик зениттик ракеталык комплекстерди, танктарга каршы ракеталарды жана башка аскердик техниканы жеткиргени макалада белгиленген.

Курал-жабдыктын ордуна Орусия Түндүк Кореяга энергетикалык ресурстарды, ракеталар жана тыңчы спутниктер үчүн технологияларды берет.

Москва Пхеньян менен алакасын Украинага согуш ачканы жакшырта баштаган. 2023-жылдын сентябрь айында Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Орусияга келип кеткен. Көп өтпөй, быйыл июнь айында Орусиянын лидери Владимир Путин Пхеньянга барды.

Эки өлкөнүн бийлиги жолугушууларды экономикалык кызматташуу гана талкууланганын билдирип, Пхеньяндын Орусияга курал-жабдык жеткиргени тууралуу маалыматтарды четке кагышкан.

Быйыл жыл башында америкалык иликтөөчүлөр спутниктен алынган жүздөгөн порттордун жана темир жол станцияларынын сүрөттөрүн анализдеп көрүп, 2023-жылдын августунан Түндүк Корея Орусияга 2,5 миллиондон көп курал-жабдык жеткиргенин аныкташкан. Украинанын Башкы прокуратурасы Орусия Украинаны аткылоодо түндүк кореялык ракеталарды колдонгонун каттаган.

Дагы караңыз

Чек ара кызматы "Достук" бекетиндеги узун кезек тууралуу маалымат бердиОрусиянын Ростов облусундагы мунай базага дрон менен чабуул жасалды114 миң гектарга жакын аянтта зыянкеч чегиртке жок кылынды