Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:35

Чек ара кызматы "Достук" бекетиндеги узун кезек тууралуу маалымат берди


Чек ара бекетиндеги кезек күткөндөр. Интернетте тараган видеодон алынган скриншот. "Достук" бекети. Август, 2024-жыл
Чек ара бекетиндеги кезек күткөндөр. Интернетте тараган видеодон алынган скриншот. "Достук" бекети. Август, 2024-жыл

28-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Чек ара кызматы кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" өткөрмө бекетиндеги узун кезек тууралуу маалымат берди. Анда айтылгандай, өткөрмө бекеттер штаттык режимде иштеп жатат. Жайкысын жана сезон учурунда, өзгөчө 10-августтан тартып чек арадан жүргүнчүлөрдүн жана транспорттун өтүүсү көбөйгөн.

Чек ара кызматы "Достук" бекетинин бир күндүк өткөрүү мүмкүнчүлүгү 16,5 миң кишиге ылайыкташса, учурда суткасына 18-26 миңдей киши өтүп, бул узун кезекти пайда кылып жатканын белгилеген.

Аталган бекетте азыр паспорт көзөмөлү үчүн 33 кабина иштеп жатат.

Эки өлкөнүн чек арасында жалпы 15 өткөрмө бекет бар. Алардын көбү 2005-жылы Кыргызстандагы саясий окуялардан улам жабылган. Расмий Бишкек менен Ташкенттин мамилеси 2016-жылдан тартып оңолгонуна жараша бекеттерди ачуу иштери башталды. Ош облусундагы "Достук" чек ара бекети 2017-жылы ачылды. Андан көп өтпөй Жалал-Абад облусундагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү "Маданият" жана "Баймак" өткөрмө бекеттери ишин жандантты.

28-августка карата кыргыз-өзбек чек арасындагы "Маданият", "Баймак" (Жалал-Абад), "Достук" (Ош), "Кызыл-Кыя", "Кадамжай", "Кайтпас", "Ак-Кыя", "Өтүкчү", "Чечме" бекеттери иштеп жатат.

Буга чейин социалдык тармактарда "Достук" өткөрүү бекетинде узун кезек түзүлүп жатканына байланыштуу видеолор тараган. "Достук автожол" бекети деп аталган бул пункттан жарандар жана транспорттор өткөрүлөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG