Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:47

114 миң гектарга жакын аянтта зыянкеч чегиртке жок кылынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жыл башынан бери 113,8 миң гектар аянтта зыянкеч чегиртке жок кылынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлады. Жалпысынан 146 449 гектар аянтта изилдөө иштери жүргүзүлдү.

Мекеме жылуу аба ырайы зыяндуу чегирткелердин көбөйүшүнө жагымдуу шарт түзгөндүгүн белгилеген.

Министрликтин маалыматына ылайык Кыргызстанда чегирткенин 50дөн ашык түрү кездешет, үйүрлүү жана үйүрлүү эмес деп бөлүнөт. Зыянкеч чегирткелердин биологиясына ылайык, алардын жапырт каптоосу ар бир 8-11 жылда кайталанып турат.

Кыргызстанда 1980-жылы – 570 миң гектар, 1989-жылы – 160 миң гектар, 2008-жылы – 157 миң гектар жана 2018-жылы – 146, миң гектар жерди чегиртке каптаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG