ТИМ "Азаттык" аныктаган, Украинадагы согушка кеткен кыргыз жараны боюнча Орусияга кайрылды

Орусия согушка салган борбор азиялыктар. Арасында "Азаттык" аныктаган Каныбек да бар.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиядагы абактан Украинадагы согушка жөнөтүлгөн кыргыз жараны тууралуу "Азаттыктын" макаласы боюнча комментарий берди. Ага ылайык, Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдук С.К.К. аттуу жаран боюнча Орусиянын Жаза аткаруу федералдык кызматына кат жөнөтүлгөнү маалым болду. ТИМ тараткан маалыматта Екатеринбург шаарынын консулдугунун кызматкерлери Челябинск облусундагы абакта болуп, аталган жаран жана башка кыргыз жарандары менен бир нече ирет жолукканы айтылат.

"2024-жылдын 4-5-апрелинде Копейск шаарындагы №6 түзөтүү абагына да барып, абакта жазасын өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын 15 жараны менен жолуккан. Макалада сөз болгон 1991-жылы туулган С.К.К. аттуу жаран консулдуктун кызматкери менен жолугушуудан баш тарткан. Бирок ага карабай, консулдуктун талабы боюнча колония кызматкерлери С.К.К. жолугушууга алып келишкен. Консулдуктун кызматкерлери анын укуктары тууралуу маалыматты толук жеткирген. Көп учурда жарандарыбыз аскердик аракеттерге, куралдуу кагылышууларга бара жаткандыктары тууралуу ТИМге же элчиликке кабарлашпайт", - деп айтылат маалыматта.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда 2023-жылы Орусиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери 63 түзөтүү мекемесине консулдук сапар уюштуруп, Кыргызстанда соттолгон 400дөн ашык жараны менен жолугушууларды өткөргөн.

"Азаттык" радиосу 28-августта Орусиядагы түрмөдө үч жылдан бери отуруп, эки ай мурун Украиндагы согушка жөнөтүлгөн Каныбек аттуу (аты өзгөртүлдү) жаран тууралуу макала жазган. Анда Каныбек "Маңзатты мыйзамсыз сатуу" боюнча беренеси менен соттолуп, Челябинск облусундагы №6 түзөтүү мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөгөнүн, Кыргызстанга экстрадиция кылуу боюнча өтүнүч жибергени баяндалган. Азыр анын тагдыры белгисиз. (AiA)

Дагы караңыз

"Согушту колдогондор эгемендиктин баркын билбейт". Орусиялык ырчылардын Бишкек сапарын токтотуу талабы Куугунтук, түрмө, кыйноо, өлүм. Түркмөнстанда журналист болуунун түйшүгүСтадиондогу чыр. Мирбек Ахматалиев камалып, футболдон четтеди