Стармер менен Шольц Британия менен Евробиримдиктин алакаларын калыбына келтирүүнү макулдашты

Британиянын өкмөт башчысы Кир Стармер жана Германиянын лидери Олаф Шольц. 28-август, 2024-жыл. Берлин.

Британиянын жана Германиянын лидерлери 28-августта Берлинде жолугуп, коргонуудан соодага чейинки маселелерди камтыган "дымактуу" келишим тууралуу сүйлөштү. Бул макулдашуу Британия менен Евробиримдиктин алакаларын калыбына келтирүү боюнча жараяндардын бир бөлүгү болуп калары күтүлүүдө.

Британиянын өкмөт башчысы Кир Стармер Германиянын канцлери Олаф Шольц менен биргеликте өткөрүлгөн маалымат жыйында белгилегендей, "алакаларды калыбына келтирүү" Лондонун шаркетке кайра кошулуусун же "Брекзиттин" жокко чыгарылышын билдирбейт.

"Бирок бул бир катар багыттар, анын ичинен экономика, коргонуу жана башкалар боюнча тыгыз алакалар түзүлөрүн айгинелейт", - деди Стармер.

Ал ошондой эле макулдашууда мыйзамсыз миграция каршы биргеликте күрөшүү планы кеңири камтыларын кошумчалады. Страмер немис элине Золингендеги үч кишинин өмүрүн алган кол салууга байланыштуу көңүл айтты. Эки лидер Украинаны "канча керек болсо, ошончо колдошорун" дагы бир ирет ырасташып, Жакынкы Чыгыштагы эскалацияны басаңдатуунун зарылдыгын белгилешти.

Британиянын лидери Германиядан кийин Парижге барып, Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен жолугат.

Дагы караңыз

Чек ара кызматы "Достук" бекетиндеги узун кезек тууралуу маалымат бердиОрусиянын Ростов облусундагы мунай базага дрон менен чабуул жасалды114 миң гектарга жакын аянтта зыянкеч чегиртке жок кылынды