Украинада орус армиясынын аба чабуулдарынан кеминде тогуз кишинин өмүрү кыйылды

Орус армиясынын аба соккусунун кесепети. Кривой Рог, Украина. 28-август, 2024-жыл.

Украинанын эки аймагында орус армиясынын жаңы аба чабуулдарынан кеминде тогуз кишинин өмүрү кыйылды.

"Бул таңда орус армиясы төрт кишини өлтүрүп, Измайловкадагы үйдү талкалашты",-деп жазды Телеграмга Донецк облусунун губернатору Вадим Филашкин. Ал тактагандай, эки адам Бахмут районундагы Часов Яр калаасында набыт болгон.

Жалпы 16 турак-жай жана эки көп кабатуу имарат талкаланганын Филашкин кошумчалады.

Украинанын Запорожье аймагында орус армиясынын дрон чабуулунан үч кишинин өмүрү кыйылганын облус губернатору Иван Федоров билдирди.

Өлкө түштүгүндөгү Днепропетровск облусунда жайгашкан Кривой Рог шаары 28-августта дагы орус армиясынын чабуулуна дуушар болду. Аймак башчысы Сергий Лысак билдиргендей, кол салуудан үч киши жараат алды. Бир күн мурда (27-августта) орус армиясынын "Искандер" ракетасы менен мейманканага жасалган чабуулунан төрт кишинин өмүрү кыйылган.

Лысак билдиргендей, калаада ошондой эле инфратүзүм жана автоунаалар жабыркады.

Украин армиясы Донецк облусунун Краматорск шаарында орус күчтөрүнүн Су-25 учагы атып түшүрүлгөнүн билдирди.

"Краматорск багытында биздин аскерлер Коргоо күчтөрүнүн турумдарын бутага алууга аракет кылган орустардын Су-25 учагын атып түшүрдү",-деп жазылат армиянын билдирүүсүндө. Маалыматка караганда бул үчүн мобилдүү зениттик ракеталык комплекс колдонулган.

Дагы караңыз

Чек ара кызматы "Достук" бекетиндеги узун кезек тууралуу маалымат бердиОрусиянын Ростов облусундагы мунай базага дрон менен чабуул жасалды114 миң гектарга жакын аянтта зыянкеч чегиртке жок кылынды