ӨКМ жолдордо таш кулашы, аймактарда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) караштуу мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти 28-29-август күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, жолдордо таш көп кулашы мүмкүн экенин эскертти.

Аталган кызмат сел жүрүү коркунучу бар делген аймактарды белгилеген.

Алар: Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда, Жалал-Абад облусунун Аксы, Токтогул, Ала-Бука, Ноокен, Тогуз-Торо жана Базар-Коргон райондорунда, Ош облусунун Кара-Кулжа, Ноокат жана Кара-Суу райондорунда, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ысык-Көл жана Түп райондорунда, Чүй облусунун Аламүдүн, Жайыл, Ысык-Ата, Чүй, Сокулук, Москва жана Панфилов райондорунда, Нарын облусунун Ак-Талаа жана Жумгал райондорунда, Талас облусунун Ч.Айтматов, Манас, Бакай-Ата, Талас райондорунун жана Бишкек шаарларынын аймактары.

Сел жана таш кулоо коркунучу жогору болгон жол тилкелери:

  • Бишкек – Ош жолунун 140-200-чакырымдарында;
  • Балыкчы – Чолпон-Ата – Каракол жолунун 155-170-чакырымдары;
  • Талды-Суу – Арал жолунун 4-15-чакырымдары;
  • Ош – Раззаков жолунун 40-100-чакырымдары;
  • Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя жолунун 2-13, 22-24-чакырымдары.


ӨКМ жарандарды, айдоочуларды этият болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырды.

Быйылкы жылы өлкөдө 250дөн ашуун сел катталды. Апрелден июлга чейинки убакта селден 17 адам набыт болду, он чактысы жашы жете элек балдар.

Селдин кесепетинен баштапкы маалыматтар боюнча, мамлекетке жалпы 172 млн 956 миң сом зыян келтирилген. Чыгымдарды эсептөө уланууда.

28-июнда Ноокатта жүргөн селден 10 адам каза болгон. 30-июнда Кара-Кулжада 4 адам селге агып набыт болду.

Өткөн аптада Ысык-Көл облусунда жүргөн селдин кесепетин тазалоо иши уланып жатат. (КЕ)

Дагы караңыз

Орусиянын Ростов облусундагы мунай базага дрон менен чабуул жасалдыКыргызстанда эки жашка чейинки балдардын 71% гана эмделгенБраун: Жакынкы Чыгышта кеңири масштабдагы согуш тутануу тобокелдиги азайды27-август: Орусиялык ырчыларга каршы нааразылык, Украинанын баллистикалык ракетасы