Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:38

Браун: Жакынкы Чыгышта кеңири масштабдагы согуш тутануу тобокелдиги азайды


АКШнын Штаб башчыларынын биргелешкен комитетинин жетекчиси, генерал Чарльз Браун.
АКШнын Штаб башчыларынын биргелешкен комитетинин жетекчиси, генерал Чарльз Браун.

Жакынкы Чыгышта кеңири масштабдагы согуш тутануу тобокелчилиги бир аз төмөндөгөнүн АКШнын Штаб башчыларынын биргелешкен комитетинин жетекчиси, генерал Чарльз Браун "Рейтер" агенттигине курган маегинде билдирди.

Маектин алдында ал үч күндүк сапар менен Жакынкы Чыгышта болгон. Бул маалда "Хезболла" террордук тобу Израилге жүздөй ракета жана дрон менен сокку уруп, Израил ракеталык жооп кайтарган. Браун бул соңку жумалардагы Израилге каршы ири чабуулдардын бири болгонун белгиледи.

Буга чейин Иран дагы Тегеранда ХАМАСтын (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) лидеринин өлтүрүлүшү үчүн Израилден өч аларын эскерткен.

"Эки нерсе күтүлгөн. Бири болду. Эми баары экинчиси канчалык ишке ашарынан көз каранды", - деди генерал.

Ал көп нерсе Ирандын жообунан көз каранды экенин айтты.

Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) 25-августтун таңында "Хезболланын" Ливандын түштүгүндөгү бир катар позицияларына абадан сокку урган. Аны улай "Хезболла" тобу жүздөгөн ракеталарды жана дрондорду Израилдин түндүгүн көздөй учурганын маалымдаган.

Иран колдогон шийилерден турган бул топ Израилди бутага алган кеңири чабуулдарынын "биринчи стадиясын" баштаганын белгилеп, аны жогорку командирлеринин бири Фуад Шукрдун өткөн айда Бейрутта өлтүрүлүшүнө жооп катары сыпаттаган.

XS
SM
MD
LG