“Кум-Шагылдын” жетекчилиги заводдун мамлекетке алынышы боюнча кайрылуу жолдоду

“Кум-Шагыл” заводу.

“Кум-Шагыл” заводунун жетекчилиги заводдун мамлекетке алынышы боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына байланыштуу өлкө жетекчилерине кайрылуу жасады. Заводдун директорлор кеңешинин төрагасы Нурбек Мамбеталиев 46 акционердин бири дагы ишкананы, анын жабдууларын мамлекетке алып коё тургандай мыйзамга каршы иш кылбаганын айткан. Кайрылуу тууралуу заводдун өкүлү "Азаттыкка" да билдирди.

Ишкер анда өлкө жетекчилигине туура эмес маалымат жетип жатканын белгилеген.

"Биз Кыргызстандын мыйзамдарынын алдында акпыз. Эч нерсени, өзгөчө заводду бекер берүүгө макул эмеспиз. Президент Садыр Жапаров кол койгон мыйзамда компенсация төлөп берүү жана жер тилкелерин алмаштыруу укугу каралган. Биз бардык нерседен корко берүүдөн чарчадык", - деп айтылат кайрылууда.

Мамбеталиев өндүрүш комплекси карьер үчүн дайыма жогору ижара акысын төлөп, эч качан менчиктештирбегенин жана "дайыма мамлекеттин балансында болгонун" кошумчалаган.

27-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаарынын 12-кичирайонундагы “Кум-Шагыл” заводу жана ага жанаша жайгашкан 16,05 гектар жана 1,2 гектар стратегиялык маанидеги объекттер мамлекетке кайтарылганын билдирген.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, тергөөдө сөз болуп жаткан стратегиялык объект жана ага жанаша жайгашкан жер тилкелери Кыргызстандын мыйзамдарын бузуу менен 2004-жылы “Кум-Шагыл” ишканасынын жооптуу кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз берилгени такталган. Жыйынтыгында 1 млрд 953 млн сомго бааланган 17,7 гектар жер мамлекетке алынган.

“20 жыл ичинде бул стратегиялык объект жеке адамдарга олуттуу киреше алып келсе, мамлекетке дээрлик эч нерсе берген эмес. Бишкек шаардык сотунун чечими менен бүтүндөй өнөр жай комплекси жана ага чектеш аймактар мамлекеттин менчигине кайтарылды. Мындан тышкары, козголгон кылмыш ишинин алкагында негизги фигурантка эл аралык издөө жарыяланды”, - деп айтылат маалыматта.

УКМК издөө жарыяланган адамдын аты-жөнүн жарыялаган эмес.

Бишкектин 12-кичирайонундагы кум-шагыл чыккан карьер советтик доордо 1968-жылы ачылып, Аламүдүн кум кени деп аталган.

16 гектар жерге “Кум-Шагыл” жабык акционердик коому “кызыл китеп” алып, асфальт-бетон заводу иштеп турган. Быйыл январь жана февраль айларында “Кум-Шагылдын” жумушчулары бир нече күн нааразылык иш-чараларын уюштуруп, президент Садыр Жапаровго кайрылышкан.

Бирок бир айга жетпей Бишкек мэриясынын жана президенттин иш башкармалыгынын көзөмөлү алдында карьер кайра ачылып, заводдун иши жанданган. Алар өкмөттүн сырттан башкаруу киргизүү тууралуу токтомунун негизинде тилкени өз карамагына алган.

Буга чейин “Клооп” басылмасы да 12-кичирайондогу карьер жана “Кум-Шагыл” заводу тууралуу журналисттик иликтөө жарыялаган. (КЕ)

Дагы караңыз

Кайра шайлоо: Сузак округу боюнча тогуз талапкер катталдыГерманияда бир аптада экинчи жолу көчөдө бычак менен кол салуу болдуЗеленский АКШга согуштагы "жеңиш планын" көрсөтөтПрезидент эгемендик күнү ырдай турган орусиялык ырчылар боюнча комментарий берди