Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Кайра шайлоо: Сузак округу боюнча тогуз талапкер катталды


Жогорку Кеңештеги бир мандаттуу №13 Сузак округу боюнча мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоого депутаттыкка талапкерлерди каттоо аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, жалпысынан арыз тапшырган 15 кишинин тогузу талапкер катары катталды. Алардын экөө аял. Арыз тапшыргандардын бешөө шайлоого катышуудан баш тарткан. Бир талапкерди БШК каттаган эмес.

Талапкерлердин толук документтерин кабыл алуу 25-августта аяктаган. Шайлоо 22-сентябрда өтөт.

Сузак шайлоо округунан Жогорку Кеңешке шайланып келген депутат Тазабек Икрамов 19-июлда мандатын өз арызы менен тапшыруу тууралуу арыз жазган. Ошол эле күнү Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын карап, мандатынан ажыраткан. Икрамов өзү ушундай чечимге келгенин Фейсбукка жазган. "Азаттыкка" айрым депутаттар "ал атайын кызматка суракка барганын" айтышкан.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышында ушуну менен 20 депутат мандатын тапшырды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 17-апрелде Шамалды-Сай шаарында Чек ара кызматында иштегендерге жаңы үйлөрдүн ачкычтарын тапшыруу иш-чарасында сүйлөп жатып, парламентти мыйзамсыз иштерге аралашкан депутаттардан “тазалоо” иштери жүрүп жатканын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG