Академик Илгиз Айтматов дүйнө салды

Илгиз Айтматов.

Техника илимдеринин доктору Илгиз Айтматов 27-августта 93 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу академиктин жакындары билдирди.

Илгиз Айтматов - тоо кен геомеханикасы боюнча адис, 1990-1993-жылдары Улуттук илимдер академиясына президент болгон.

Анын илимий эмгектери негизинен кендерди коопсуз жана натыйжалуу иштетүү, чоң гидротехникалык курулуштарды куруу, айлана-чөйрөнү коргоо, тоолуу аймактардагы табигый жана техногендик кыйроолорго арналган.

260тан ашык илимий эмгектин, 15 ойлоп табуунун автору. Тоолуу аймактарда чыңалуунун калдыгынын секирик түрүндө бошонуусу жөнүндө илимий ачылыш жасаган.

2003-жылы III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган.

Илгиз Айтматов 2008-жылы каза тапкан залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бир тууган иниси. (BTo)

Дагы караңыз

Орусиянын эң ири мунай заводдорунун биринде өрт чыктыАКШ Ирандын "жаңы сүйлөшүүлөр" сунушу боюнча пикирин билдирдиШольц Германия мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүн күчөтөрүн айттыБишкек мэриясы шаарга 500 кичи автобус алып келүүнү көздөөдөЧыныбай Турсунбеков атындагы поэзия фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталдыСот Руслан жана Исламбек Матраимовдорго 50 миӊ сомдон айып салдыФутболчу Мирбек Ахматалиев 22-сентябрга чейин камалды