Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:30

Бишкек мэриясы шаарга 500 кичи автобус алып келүүнү көздөөдө


Кичи автобус. Бишкек. (архив)
Кичи автобус. Бишкек. (архив)

Бишкек шаардык Транспорт департаменти 500 кичи автобус алып келип, жаңы конуштардагы каттамдарга коюуну көздөөдө. Бул тууралуу аталган департаменттин жетекчисинин орун басары Бакытбек Сарымсаков 26-августта Бишкек шаар кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди.

Депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, айрым жаңы конуштардагы жолдор автобустардын жүрүүсүнө ыңгайлашпаганын, ошондуктан ал жактарга автобустарды киргизүүгө мүмкүн эместигин айтты.

Сарымсаковдун сөзүнө караганда, учурда мэрия жаңы конуштардагы каттам үчүн 500 кичи автобус сатып алуу үчүн донор издеп жатат. Ушул тапта Бишкекте 27 линияда кичи автобустар иштеп жатат, алардын ар биринде орто эсеп менен 20дан унаа эл ташыйт.

Бишкектин Транспорт жана жол-унаа инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин маалыматына ылайык, 1-сентябрга карата ар бир автобус каттамына дагы бештен унаа кошулат. Ошондой эле мектеп окуучулары үчүн 40 чакты автобус алып келинген, алар да каттамга коюлат.

Бишкекке газ менен жүрүүчү жаңы автобустар алып келинип, каттамга чыгарылган. Шаар бийлиги алардын санын утур-утур көбөйтүп, кичи автобустардын баарын автобустарга алмаштырууда.

Шаар кеңешинин токтому менен 30-январдан тартып коомдук транспортто жүрүү акысы кымбаттаган. Азыр автобус жана троллейбуста жол кире “Тулпар” картасы менен 17 сом, накталай 20 сом, менчик автобус жана маршруткаларда 20 сомду түзөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG