Украина Орусиянын жапырт чабуулуна кабылды, Киевде электр жарыгы өчүрүлүүдө

Украина. Одесса.

Украинанын мамлекеттик энергетикалык «Укрэнерго» компаниясы бүгүн 26-августта борбор калаа Киев жана башка бир катар шаарлар Орусиянын жапырт ракета жана дрон чабуулуна кабылгандыктан электр энергиясын чукул өчүрө туруу чечими кабыл алынганын билдирди.

Киев мэри Виталий Кличко Орусиянын соккуларынан шаардын айрым райондорунда суу жана электр энергиясы үзгүлтүккө учураганын айтты.

Өлкө президенти Владимир Зеленский бүгүн эң оор чабуулдардын бири болгонун, кесепеттерди жоюу иштери жүрүп жатканын айтып, жоготуулар бар экенин билдирди жана каза болгондордун жакындарына көңүл айтты:

«Ар кандай типтеги жүздөн ашык ракета жана жүзгө жакын Shahed учкучсуз учагы. Орусиянын буга чейинки көпчүлүк соккулары сыяктуу эле бул жолу да жүзү каралык болду, жарандык инфраструктура бутага алынды. Биздин аймактардын көбү – Харьков облусунан жана Киевден Одессага жана батыш аймактарга чейин. Тилекке каршы, кээ бир адамдар каза болду. Алардын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтам. Жабыркагандар ондоп саналат, алардын баарына керектүү жардам көрсөтүлүүдө».

Зеленский энергетика тармагына чоң залака тийгенин, оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Ошондой эле ал Орусия болгон курал-жарагын, Shahed учкучсуз учактарын жана Түндүк Кореядан алган баллистикалык ракеталарын колдонуп келатканын, Украина өзүн мындай агрессиядан коргош үчүн АКШдан, Улуу Британиядан, Франциядан жана башка өнөктөштөрүнөн тийиштүү чечимдерди күтүп жатканын белгиледи.

Украинанын расмий органдарынын маалыматына караганда, бир нече шаар соккуга кабылды, кеминде үч кишинин өмүрү кыйылды, дагы бир нече киши жараат алды.

Ал тапта Орусия 26-августка караган түнү Украина учурган 20 согуштук дрон жок кылынганын маалымдады. Саратов облусунда эки шаарда эки үй талкаланганы, бир нече киши жараат алганы кабарланды. (RK)

Дагы караңыз

Монголия-Кэмбриж шеринеси: Көчмөндөр, тарыхый мурас, экология жана туризм көйгөйлөрү талкууландыФутболчу Мирбек Ахматалиев 22-сентябрга чейин камалды Навальныйдын дагы бир тарапташын камакка алуу чечими чыктыПакистанда куралдуу кол салуудан 23 кишинин өмүрү кыйылды