Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:01

Навальныйдын дагы бир тарапташын камакка алуу чечими чыкты


Алексей Навальный. Архивдик сүрөт.
Алексей Навальный. Архивдик сүрөт.

Орусияда белгилүү оппозиционер саясатчы, быйыл жыл башында абакта белгисиз жагдайда каза болгон Алексей Навальныйдын командасында иштеген дагы бир кызматкерди камакка алуу тууралуу чечим чыкты. “Свобода” радиосу "Медиазонага" таянып 26-августта жазгандай, Москвадагы сот Александра Фролованы «экстремисттик топ менен кызматташкан» деген айып менен камоо тууралуу сыртынан чечим чыгарды.

Росфинмониторинг Москванын тургуну, 26 жаштагы Фролованы жакында Навальныйдын башка да тарапташтары менен кошо экстремисттер тизмесине киргизген жана ага федералдык издөө жарыялаган. Эгер орус бийлигинин колуна түшсө Фролова алты жылга чейинки мөөнөткө түрмөгө отургузулушу мүмкүн.

2021-жылдын июнь айында Орусия Алексей Навальныйдын штабдарын жана «Коррупцияга каршы күрөшүү фондун» экстремисттик деп жарыялаган. Ошондон кийин Орусиянын аймактарындагы штабдар жабылып, оппозиционердин көптөгөн тарапташтары камакка алынуу коркунучунан улам чет жактарга чыгып кетишкен.

Кремлдин, орус президенти Владимир Путиндин келишкис сынчысы катары таанылган, «Коррупцияга каршы күрөшүү фондун» түзгөн, 19 жылга кесилип, соңку үч жылдан бери Орусиянын алыскы аймактарынын биринде түрмөдө кармалып келген Алексей Навальный быйыл 16-февралда каза болгон. Жакындары ал киши колдуу болду деп эсептешет. Орусиянын Жаза аткаруу кызматы өзү каза болгонун билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG