Дайынсыз жоголгон наристенин ата-энеси президентке кайрылды

Чоң-Чүй каналындагы издөө иштери. Иллюстрациялык сүрөт.

19-августтан бери дайынсыз жоголуп жаткан үч жашар баланын ата-энеси президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, Чоң Чүй каналындагы сууну убактылуу бууп турууну өтүндү. Наристе сууга агып кетиши ыктымалдыгы болжолдонууда. Баланын бут кийими суунун жээгинен табылган.

Ысык-Ата районундагы Дружба-Достук айылынын тургундары мамлекет башчыга видео кайрылуусунда акыркы үмүтү каналдан жок дегенде баласынын сөөгүн табууга калганын билдиришкен.

"Урматтуу Садыр Нуркожоевич, сизден үч жаштагы уулубуздун сөөгүн табууга көмөктөшүүңүздү суранабыз. Каналдын суусун болушунча кургатып, балабыздын сөөгүн табууга жардам бериңиз", - деди баланын атасы.

19-августта Ысык-Ата райондук милициясына үч жаштагы наристенин дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, ыктыярчылар баланы издөөгө күн сайын чыгып жатканы, бирок натыйжасыз болуп жатканы кабарланган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, быйыл алты айда 46 киши сууга чөккөн. Алардын тогузу Ысык-Көлдө катталган.

Июлдун башында Ысык-Көлдө сууга сүзүп жатып, 11 жаштагы кыз чөгүп кеткени соцтармактарга жарыяланды.

Расмий маалыматка ылайык, 2023-жылы Кыргызстанда 95 адам сууга агып же чөгүп каза болгон, анын ичинен 36сы балдар. (ZKo)

Дагы караңыз

Украинанын бир катар шаарлары жапырт аба чабуулуна кабылдыЭл артисти Акан Нуртазин сот жообуна тартылдыСот Райымбек Матраимовду 26-октябрга чейин камакта калтырдыTelegram Павел Дуровдун кармалышы боюнча билдирүү тараттыКөмүрдүн баасына убактылуу мамлекеттик көзөмөл киргизилетКуугунтук, түрмө, кыйноо, өлүм. Түркмөнстанда журналист болуунун түйшүгү