Кыргызстанда жарым жылда чакан насыя (микрокредит) алгандардын саны 561 миңге жакын адамды түздү. Бул өткөн жылдын ушул убактысына салыштырмалуу 1,6 эсеге көп. Берилген насыянын көлөмү да 26,6% өскөн. Жалпысынан жарым жылда 29,9 млрд сомдук кредит берилген. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка караганда, чакан насыя алгандардын 22% Бишкек шаарына туура келет. Кийинки орунда Ош (16%), Жалал-Абад (15%), Чүй (14%) турат.
2024-жылдын алты айында берилген чакан насыянын жарымынан көбү, 50,7% керектөөчүлүк муктаждыктарына берилген. 22% айыл чарбасындагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 12% соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө, 5% жакыны курулушка багытталган.
2018-жылдагы Улуттук банктын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 96 микрокредиттик ишкана каттоодон өткөн. (КЕ)
Дагы караңыз
Пакистандагы жардыруудан үч адам каза болуп, 18и жараат алдыЕБ украин аскерлерин машыктыруу планын талкуулайтАба ырайы: айрым аймактарда өткүн өтөтБалыкчыда автозавод курууга катышкан жумушчулар айлык берилбей жатканын айтууда