Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Балыкчыда автозавод курууга катышкан жумушчулар айлык берилбей жатканын айтууда


Балыкчыдагы автоунаа чыгаруучу завод курууга катышкан ишкананын жумушчулары маянасын ала албай жатышканын айтып, "Азаттыкка" кайрылышты.

"Биз май жана июндун айлыгын 26-июнда алганбыз. Ошондон бери эки ай өттү. Жалпы Балыкчыдагы базада 70 бала иштейт. Биз темир устун даярдап иштейбиз. Бишкектеги бригада ошол устундарды машина заводго коюп берет. Ошонун баарын эсептегенде 80ден ашуун бала болуп калат. Ар бир кишинин айлыгы 60 миңден. Жетекчиликке күн алыс эле чалабыз, күтүп жатабыз, эртең-эртең деп эле жооп берип жатышат. "Ак үйдөн акча которбой жатат" деп жооп берип жатышат", - деп билдирди жумушчулардын бири, өзүн Улан Искаков деп тааныштырган жаран.

Ал акча берилбегендиктен айрымдар жумуштан кеткенин, ал базада Пакистан жана Бангладештин жарандары да иштей турганын кошумчалады.

Ал эми аталган ишкананын жетекчилиги бул маалыматты төгүндөдү. Ишкана алты жалданма компания менен иштей турганын, нааразылык билдирип жаткандар ошолордун жумушчулары экенин билдирди:

"Мен жумушчуларды ишке албайм. Ал жакта иштеп жаткандардын эмгек келишими болушу керек, ошону көрсөтүшсүн алар. Алар темир устун даярдашат. Эгер анын сапаты начар болуп, талапка жооп бербей калса, эмне үчүн акча төлөшүбүз керек? Подрядчы компанияларга акча бөлүнүүдө. Акча 1-2 жума кечиккен учурлар болот, бирок алар айтып жаткандай эки ай эмес", - деп жооп берди.

Быйыл февралда кытайлык China Hubei Zhuoyue Group компаниясы жергиликтүү ишкерлер жана кыргыз өкмөтү менен бирге Чүй облусунда электромобил чыгаруучу заводдун курулушун баштаган. Заводдун пайдубалын төшөөгө президент Садыр Жапаров да катышкан. Компания алгачкы автоунааны быйыл чыгара баштоо убадасын берген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG