Пакистандагы жардыруудан үч адам каза болуп, 18и жараат алды

Пакистандагы жарылуудан кийинки сүрөт. 24-август, 2024-жыл

Пакистандын түштүк-батышындагы Белужистан провинциясынын Пишин районундагы жардыруудан үч киши каза тапты. Анын экөө жаш бала. Жараат алган 18 кишинин экөө полиция кызматкерлери экенин "Машаал" радиосу кабарлады.

Пишин - Белужистан провинциясынын борбору Кветта шаарынан 55 чакырым түндүк тарапта жайгашкан.

Кол салуу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек. Полиция окуя боюнча иликтөө баштады, эч кимди кармай элек.

Соңку убакта Пакистандын түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва жана түштүк-батышындагы Белужистан провинцияларында адам өмүрү кыйылган түрдүү чабуулдар көбөйдү.

Адатта мындай кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө "Техрик-е Талибан Пакистан" тобу алат.

Дагы караңыз

ЕБ украин аскерлерин машыктыруу планын талкуулайтАба ырайы: айрым аймактарда өткүн өтөтБалыкчыда автозавод курууга катышкан жумушчулар айлык берилбей жатканын айтууда Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров Парижде кармалды