Орусиянын Волгоград облусунда абактагылар катаал режимдеги түрмөнү басып алышты

Волгоград облусундагы жаза өтөөчү жайлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Волгоград облусунда камактагылар №19 катаал режимдеги түрмөнү басып алышты. Анда тартип комиссиясынын жыйыны өтүп жаткан. Айрым ырастала элек маалыматтарга караганда, бир нече киши набыт болду. Күч структураларында байланышы бар Телеграм-каналдар түрмөдө тартылган болушу мүмкүн делген видеолорду жарыялашты. Анда жаза өтүүчү жайды басып алган төрт киши өзүлөрүн "Ислам мамлекетинин можахеддери" деп атап жатканын угууга болот. Ошондой эле видеодо барымтага алынган Жаза аткаруу кызматынын формасын кийген төрт адамды көрүүгө болот. Алардын айрымдары тирүү эмес болушу мүмкүн.

Аймактагы Жаза аткаруу кызматынын башкармалыгы маалыматты ырастап, "барымтадагыларды бошотуу аракети жүрүп жатканын" билдирди. Канча адам барымтага алынганы белгисиз. "База" басылмасы түрмө башчысы Андрей Девятов баш болгон түрмөнүн беш кызматкери качып чыгууга үлгүргөнүн жазды. Маалыматка караганда, Девятов учурда оор абалда ооруканада.

Life жана "Сапа Кавказ" басылмалары түрмөгө атайын кызматтын күчтөрү тартылганын жазышты. "Сапа Кавказ" кабарлагандай, түрмөнү басып алгандар эки миллион доллар жана тик учак талап кылууда. Бул маалымат кайдан алынганы азырынча белгисиз. Адамдарды барымтага алуу боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

Бул соңку эки ай ичинде Орусияда абактагылар түрмөнү басып алган экинчи учур. Июнь айында Ростов-на-Дону шаарындагы CИЗО-1ди тергөө абагында кармалып тургандар басып алышкан. Алар "Ислам мамлекети" террордук тобунун тарапкерлери экени айтылган. Анда барымтага алынган эки адам жараат алган. Кол салган алты адамдын бешөө атайын операция маалында жок кылынган.

Дагы караңыз

Орусияда "бүтүк көз" деп мазакталган спортчу кыз өз жанын кыйганы кабарландыКыргызстандын жогорку окуу жайлары 30 миңдей абитуриентти кабыл алдыКыргызстандын тышкы карызы азайып, ички карызы көбөйдү