Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Орусияда "бүтүк көз" деп мазакталган спортчу кыз өз жанын кыйганы кабарланды


Ксения Чепонова
Ксения Чепонова

Орусияда улутуна байланыштуу басым-кысымга кабылганын айтып чыккан кыздын өлүмүнүн чоо-жайы иликтенүүдө. Тоолуу Алтай аймагынын 17 жаштагы тургуну, спортчу Ксения Чепонова өзү катышкан самбо спорттук командасындагы башка кыздардын мазактоосу тууралуу Телеграм-каналына пост жарыялап, өз жанын кыюуну чечкенин жазган.

Окуя Новосибирск шаарында, спорттук машыгуу жүрүп жаткан күндөрү болгон.

Командада башка кыздардын басым-кысымы болгонун «Сибирь.Реалии» сайтына анын достору айтып беришти.

Новосибирск аймактык самбо федерациясынын окуяны «трагедиялуу өлүм» деп атаган билдирүүсү 18-августта жарыяланды. Себеби тууралуу суроолорго федерация кыздын өлүмү "анын өз каалоосу боюнча болгонун" айтып жооп берди.

Чепонова 17-августта Телеграм-каналына мурда өз улутунан уялбаганын, бирок кийин ар кандай тамаша аралаш мазактоо башталганда көтөрө албай кетип жатканын жазган.

"Күнөөм эмнеде? Көзүм бүтүк, өзүм кара-тору болуп төрөлгөнүмдөбү?", - деп жазган Ксениянын сөөгүн машыктыруучулар ошол күнү табышкан.

Чепонова Тоолуу Алтайдан Новосибирск шаарына эки жыл мурда көчүп барып, олимпиадалык резерв коллежинде окуй баштаган. Аймактык таймаштарда байгелүү орундарга жеткен. I катардагы спортчу, самбо боюнча спорт чеберлигине талапкер болгон.

Орусиянын Тыва, Бурятия, Якутия жана Ямал-Ненец округдарындагы өспүрүмдөр башка улуттагы балдар-кыздардын буллингине кабылганы тууралуу маалыматтар буга чейин да айтылып келген. Былтыр ноябрда Мамлекеттик Думанын Якутиядан шайланган депутаты Федот Тумусов Орусиянын Башкы прокуратурасына кайрылып, Сочидеги "Сириус" билим берүү борборундагы ксенофобия тууралуу айтып чыккан. Ал Якутиянын балет мектебинен барган окуучуларды ал жакта "Көзү бүтүктөр, зиг хайл" деп мазакташканын билдирген. Натыйжада өзүн жана арызданган ата-энелерди “чыр чыгардыңар" деп айыпташкан.

Быйыл жазында Москвада “Крокус Сити” борборунда кеминде 145 кишинин өмүрү кыйылган окуядан кийин Орусияда ксенофобиялык маанай күчөгөн. Шектүү катары кармалгандардын көбү тажик жарандары экени кабарланган. Ошондон кийин мигранттарга каршы рейддер, камоолор күч алган.

Расмий маалымат боюнча, Орусиянын аймагында 270 тилде жана диалектиде сүйлөгөн 193 улуттун өкүлү жашайт. Москва өлкө курамындагы республикалардын, аймактардын элинин, этностук топтордун тилине жана маданиятына коркунуч жараткан саясат жүргүзүп жатканын укук коргоочулар жана активисттер айтып келишет.

Орусия Украинадагы согушка келишимдик негизде соңку бир жылда 26 миңден ашуун кишини жөнөткөнүн, алардын көбү аймактардын тургундары экенин 13-августта «Верстка» басылмасы аскерге келишимдик негизде жөнөтүүчү бирдиктүү пунктка жана башка бир нече булакка таянып жазган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров 10-июнда Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар экенин айткан. 2022-жылы бул сан 587 миң болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG