Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Кыргызстандын жогорку окуу жайлары 30 миңдей абитуриентти кабыл алды


Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардагы кабыл алуу учуру. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардагы кабыл алуу учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын жогорку окуу жайлары 5 турдун жыйынтыгы менен 29 551 абитуриентти кабыл алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илими министрлиги билдирди.

Талондорду каттоо боюнча төмөндөгү университеттер алдыга чыкты. Ж.Баласагын атындагы КУУга – 8240, И. Раззаков атындагы КМТУга – 7457, ОшМУга – 6369, Б.Ельцин атындагы КРСУга – 5414, И. Арабаев атындагы КМУга – 4644, И. Ахунбаев атындагы КММАга – 4420, Х. Карасаев атындагы БМУга – 3953 жана “Ала-Тоо” эл аралык университетине – 2804 талон түшкөн.

Соңунда Баласагын атындагы КУУга – 4930 абитуриент, ОшМУга – 4009, И. Раззаков атындагы КМТУга – 3749, И. Арабаев атындагы КМУга – 2349, Х. Карасаев атындагы БМУга – 2022, Б. Ельцин атындагы КРСУга – 2108, И. Ахунбаев атындагы КММАга – 1064 жана “Ала-Тоо” эл аралык университетине – 1004 абитуриент тастыктама берип, окууга өткөн.

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуунун биринчи айлампасы 15-июлда башталып, бешинчи айлампасы 17-августта аяктады.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда мектепти 2023-2024-окуу жылын 11-классты 76 миң 244, 9-классты 127 миң 176 бүтүрүүчү аяктаган.

50 миңден ашык бүтүрүүчү Жалпы республикалык тестке катышкан. ЖРТдагы босого 110 упайдан көп алгандар жалпы тест тапшыруучулардын 66,9% түздү. Тестке катышкандардын ичинен 58 окуучу “Алтын сертификат” алган. (ErN)

XS
SM
MD
LG