"Көпкө камаласың"
Худайберди Аллашов "Азаттыктын" түркмөн кызматы менен 2016-жылы октябрь айынан декабрга чейин кызматташкан. Ал тамак-аш тартыштыгы, мажбурлап пахта талаасында иштетүү жана өзү жашаган Дашөгүз облусундагы бюджеттик кызматкерлердин кайтарым акысы сыяктуу маселелерди чагылдырган.
Ошол эле жылы декабрда укук коргоо органдары анын радио менен кызматташарын билип, апасы Курбантач Аразмедова экөөнү насыбай сактоо боюнча жалган айып менен камакка алышкан. Бул айыпты бийлик Аллашовдун журналисттик ишмердүүлүгү үчүн ойдон чыгарып таккан. Өздүк булактардын "Азаттыкка" билдиришинче, анда эне-бала жергиликтүү полиция бөлүмүндө кыйноого алынган.
Мындан тышкары Мамлекеттик коопсуздук кызматы журналисттин жубайы Эжеш Аразгылыжеваны жана эки жашы жете элек баласын суракка чакырган. Укук коргоо органдарына жакын булактардын айтымында, Аразгылыжева да күйөөсү менен кайненесинин кармалганы тууралуу маалымат таратканы үчүн полиция тарабынан ур-токмокко алынган.
Чет өлкөлүк дипломаттардын жана эл аралык уюмдардын кийлигишүүсү менен Аллашов жана апасы 2017-жылы февралда бошотулган. Бирок Түркмөнстандын мыйзамдарында насыбай сактоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги жок экенине карабастан, сот аларды шарттуу түрдө үч жылга эркинен ажыраткан.
Аллашов эркиндикке чыккандан кийин "Азаттыктын" түркмөн кызматы менен кызматташтыгын токтоткон. Бирок укук коргоо органдарынын ага карата куугунтугу улана берген.
2019-жылы октябрда Мамлекеттик коопсуздук министрлигинин кызматкерлери аны кармап кетип, бир нече саат кыйнап, ур-токмокко алган. Ошол эле күнү кечинде журналисттин апасы өзүн жаман сезип, ооруканага жеткирилген. Эки күндөн кийин ал жүрөгү кармап каза болгон.
Андан кийин да Аллашов бир суракка чакырылып, кийин полиция журналистти бошоткон. Бирок ал "бийлик мени тынчытмайынча жөн койбойт" деп айткан редакцияга.
2022-жылдын май айында жергиликтүү акимчиликтин аткаминери Аллашов менен анын жубайын катуу сабап, Эжеш Аразгылыжева ооруканага жеткирилген. Бирок журналистке жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө эч кандай расмий айып тагылган эмес.
Аллашов 2023-жылы декабрда кайра камакка алынган, анда коопсуздук кызматкерлери ага "узак мөөнөткө камаласың" деп айтканы кабарланган.
Эл аралык укук коргоо уюмдарынын кийлигишүүсүнөн улам Аллашов 15 күндүк административдик жазадан кийин бошотулган. Бирок журналисттин ден соолугу камактагы катаал мамиледен улам начарлап, быйыл 13-августта көз жумган.
Буга чейин түркмөн бийлиги аны "көргө киргизип, тынчытарын" айткан.
Ашхабад мындай ыкма менен өлкөдөгү журналисттерди жана алардын үй-бүлөлөрүн куугунтуктап, жазалоодо.
Аллашовду тааныгандар анын өлүмүн эркин журналист катары иштегени үчүн бийлик тарабынан сегиз жылдык аёосуз куугунтуктан улам келип чыккан стресс менен байланыштырышат.
Соттолгон жана абакта өлгөн башка журналисттер
Мындан 18 жыл мурун "Азаттыктын" Ашхабаддагы кабарчысы Огулсапар Мурадова да Каракум чөлүндөгү катуу тартиптеги абакта каза болгон. Туугандарынын айтышынча, Мурадованын денесинде кыйноонун издери болгон.
Дагы караңыз
БУУ: "Азаттыктын" кабарчысынын өлүмүнө түркмөн бийлиги жооптуу2006-жылы июнда 58 жаштагы Огулсапар Мурадова ок-дарыларды мыйзамсыз сактаган деген күмөндүү айыптар менен соттолуп, полиция анын машинасынан ок-дары табылганын билдиргенден кийин жети жылга эркинен ажыратылган. Укук коргоочулар Мурадовага козголгон кылмыш ишти анын журналисттик ишмердүүлүгү менен байланыштырып келишет.
2020-жылы жайында көз карандысыз журналист Нургелды Халыков коронавирус боюнча абалды баалаш үчүн Түркмөнстанга келген Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун миссиясынын сүрөтүн тараткандан кийин камакка алынган. Ал быйыл 8-июнда жаза мөөнөтүн өтөп бүтүп, эркиндикке чыкканы кабарланган.
Turkmen.news басылмасынын ошол кездеги кабарчысы Халыков сүрөттү колдонуп сайтка жаңылык жазган. Бир күндөн кийин аны полиция кармап, кийин октябрь айында шылуундукка айыптап, төрт жылга соттолгону белгилүү болгон.
Халыков иштеген Turkmen.news басылмасы "бул басма сөз эркиндигине каршы куугунтук" деп сындаган билдирүү тараткан.
Белгилей кетсек, Түркмөнстан пандемия учурунда COVID-19 өз аймагында бар экенин четке каккан өлкө.
"Үй-бүлөмдү да аңдып, телефонубузду тыңшайт"
Түркмөнстандык Солтан Ачилова дээрлик жыйырма жыл аркалаган экономист кесибин таштап, көз карандысыз журналист болууга бел байлаганда, бул кесип "башкача" талаптарды коёрун билген.
Бирок ашхабаддык журналист жаңы кесиби анын "жашоосун түп тамыры менен өзгөртүп", куугунтукка, зордук-зомбулукка жана өлүм коркунучуна дуушар кыларын ойлогон эмес.
"Журналист болуп иштеп баштагандан бери мени мамлекеттик коопсуздук кызматкерлери ээрчип жүрүштү. Алар менин үй-бүлөмдү да аңдып, телефон сүйлөшүүлөрүбүздү тыңшап жатышты", - дейт 74 жаштагы Ачилова "Азаттыкка" курган маегинде: - "Биздин үйдө электр жарыгы, суу бир нече жолу өчүрүлгөн. Бийлик туугандарымды мени менен байланышпагыла, болбосо жумушсуз каласыңар деп коркутушкан".
"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун соңку рейтингинде Түркмөнстан 180 өлкөнүн арасынан 175-орунду ээледи.
Борбор Азиядагы авторитардык өлкөдө көз карандысыз маалымат каражаттары жок, "ал өлкөдө журналистика- режимди гана мактайт" деп айтылат "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун отчетунда.
Түркмөн өкмөтү сынчыларды оозун жаап, сабап, кыйнап, түрмөгө камап, атүгүл өлтүрүп, нааразы болгондорду аёосуз куугунтуктоону улантып келет. Көбү чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болушкан.
Кеңсеси Венада жайгашкан "Түркмөнстан хроникасы" басылмасынын жана "Азаттыктын" түркмөн кызматынын мурдагы кабарчысы Ачилова - Түркмөнстанда авторитардык бийликти ачык сындаган жападан жалгыз журналист. Дагы бир канча кабарчы тымызын чет элдик басылмалар менен кызматташат.
Ачилованын айтымында, түркмөн өкмөтү көз карандысыз журналисттердин иштөөсүнө толкоолдук кылып, алардын жашоосунун бардык тармагын бутага алууда.
"Мен макала жазуу үчүн каармандар менен байланышууга аракет кылганымда, артыман ээрчиген коопсуздук агенттери алар менен менден мурун байланышып, аларды куугунтуктап, мени менен сүйлөшпөөнү буйрук кылышат", - дейт Ачилова, түркмөн аткаминерлер анын кабар жазуу мүмкүнчүлүгүн чектөөгө аракет кылып жатканын сүрөттөп жатып.
"Мени менен электр энергиясы, суу же жер маселеси боюнча сүйлөшкүсү келген өтө аз сандагы адамдар бар, бирок Түркмөнстанда элдин көбү маалымат каражаттары менен сүйлөшүүдөн коркушат", - дейт журналист.
Анын пикиринде, Түркмөнстандагы коркуу атмосферасы адамдарды полициядан оолак болуу үчүн "эч нерсе укпайм, эч нерсе көрбөйм" деген түр көрсөтүүгө жана "унчукпоого" мажбурлайт.
Ачылованы көчөдө сабап, полиция суракка алып, коркутуп, аэропортто текшерип, кийин эл аралык конференцияга катышуу үчүн чет өлкөгө чыгууга тыюу салган.
Дагы караңыз
CPJ түркмөн бийлигин журналисттерди куугунтуктоону токтотууга чакырдыАнын кесиби анын коомдук турмушуна да таасирин тийгизбей койгон жок. Көптөгөн достору, туугандары жана атүгүл кошуналары аны менен катташпай калган.
"Биздин үйдүн алдындагы скамейкага кечинде кошуналар чыгып отурушат, мен чыксам баары биринин артынан бири кетип калышат", - дейт Ачилова: - "Алар [өкмөт] мени жактырбай турганын билишет. Алар менин айыман көйгөйлөргө туш болгусу келбейт".
Солтан Ачилова эркин маалымат каражаттарынын жана бейтарап маалыматтын жетишсиздиги өлкөнүн жаштарына терс таасирин тийгизип жатканына кабатыр. Түркмөн өкмөтү дээрлик бардык социалдык платформаларга жана көз карандысыз кабар сайттарын бөгөттөгөн.
"Түркмөнстанда жаштардын мээси өкмөттүн идеологиясы менен жуулат, алар башка көз карашты билишпейт. Сөз эркиндиги же адам укуктары алар үчүн жомок"- дейт ардагер журналист.
Кыйынчылыктарга карабастан, Ачилова "өмүрү өткөнчө" Түркмөнстандан жаңылык жазууну уланта берерин убадалайт. Анын материалдары өлкөдөгү кырдаалды өзгөртөрүнө ишенет.