Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:42

БУУ: "Азаттыктын" кабарчысынын өлүмүнө түркмөн бийлиги жооптуу 


Огулсапар Мурадова.
Огулсапар Мурадова.

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети журналист жана активист Огулсапар Мурадованын өлүмү жана аны кыйноо үчүн "түркмөн бийлиги жооптуу" деген чечим кабыл алды.

Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматы "Ачык коом" фондуна шилтеме берип жазып чыкты.

Мурадова 2006-жылы июлда камалып, белгисиз себептерден улам абакта каза болгон.

2006-жылы 14-сентябрда коопсуздук кызматкерлери Мурадованын сөөгүн таануу үчүн туугандарын моргго алып барышкан. Анын балдары апасынын башында жараат болгонун айтып, көз каранды эмес дарыгер талап кылышкан. Бирок морг кызматкерлери буга көнгөн эмес.

58 жаштагы Огулсапар Мурадова - “Түркмөн Хельсинки фонду” укук коргоо уюмун түзүүчүлөрдүн бири, “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы болуп иштеген.

Ал 2006-жылы агасы Сапардурды Хажиев жана активист Аннакурбан Аманклычев менен бирге "курал-жарак сактаган" деген айып менен камакка алынган.

XS
SM
MD
LG