УКМК экс-депутат Нургазы Айдаровго издөө жарыялады

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нургазы Айдаров.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нургазы Айдаровго издөө жарыяланганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо фактысы боюнча сотко чейинки тергөө иштеринде ал эл аралык уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн, анын ичинде өзбекстандык кримтөбөл Салим Абдувалиевдин ишмердигин каржылап турганы аныкталган.

“Тактап айтканда, Нургазы Айдаров Салим Абдувалиевдин укукка каршы ишмердигин жана “мыйзамдагы ууру” Камчыбек Асанбек (Камчы Көлбаев) менен болгон тыгыз байланыштарын билип туруп, Өзбекстандагы кылмыш дүйнөсүнүн лидерине ар тараптан сый-урмат көрсөткөн. Ал өз кезегинде Нургазы Айдаровдун Кыргызстандын жана Өзбекстандын аймагында жүргүзүп жаткан ишкердик жана башка иштерине колдоо көрсөткөн”, - деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Нургазы Айдаровду сыртынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандаган. Ошондой эле мамлекеттер аралык жана “Интерпол” улуттук борбордук бюросунун линиясы боюнча издөө жарыяланды.

58 жаштагы Нургазы Айдаров Жогорку Кеӊештин VI чакырылышында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат болгон.

Бишкектин Октябрь райондук соту 8-августта анын иниси Салайдин Айдаровду 4-сентябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен айып коюлган. Салайдин Айдаров да Жогорку Кеӊештин VI чакырылышында “Кыргызстан” фракциясынан депутат болгон.

УКМК ушул эле берене менен Ошто ишкер катары таанылган мурдагы милиция кызматкери Жалил Атамбаевди да кармап, ал да Бишкектин Октябрь райондук сотунун 8-августтагы чечими менен 4-сентябрга чейин камакка алынып, Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 6-августта кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган деген шек менен өзбекстандык кримтөбөл Салим Абдувалиевге издөө жарыялаганын кабарлаган.

2018-жылы Салим Абдувалиев менен кыргызстандык экс-депутат Нургазы Айдаров жана мурдагы милиция кызматкери Жалил Атамбаев түшкөн делген видео тараган. Ал видеодон кучакташкан үчөөнүн “Абдувалиев - тирегибиз, ал президент Сооронбай Жээнбековду колдойт” деген сөздөрүн угууга болот. Буга ошол кездеги президенттик аппарат реакция кылып, Сооронбай Жээнбековдун Салим Абдувалиев менен эч кандай байланышы жок экенин билдирген.

Видеого удаалаш эле “Салимбай байбачанын” Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы депутаттары Дамирбек Асылбек уулу, Салайдин Айдаров жана “Аю” компаниясынын жетекчиси Шаршенбек Абдыкеримов менен чогуу түшкөн сүрөтү жарыяланган. Депутаттар муну спортко байланыштуу иш-чарада тартылган деп түшүндүргөн.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2023-жылы 8-сентябрда “АЮ холдингдин” негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовду сыртынан камакка алган.

Салим Абдувалиев ушул жылы 19-мартта Өзбекстанда алты жылга кесилип, ошондон бери абакта отурат.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) 2023-жылы 4-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясында өлтүрүлгөн. (BTo)

Дагы караңыз

Индиянын лидери Нарендра Моди Украинага барды Украина: Абадан коргонуу системасы орус армиясынын дрон чабуулунун мизин кайтардыКыргызстандын тышкы карызы азайып, ички карызы көбөйдүБишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад ишин кароо 30-августка калды Сузак округу боюнча шайлоого катышууга арыздарды кабыл алуу аяктады