Украина: Абадан коргонуу системасы орус армиясынын дрон чабуулунун мизин кайтарды

Украин абадан коргонуу системасы "Шахед" дронун абадан жок кылып жаткан учур. Киев. 30-май, 2024-жыл. Архивдеги сүрөт.

Украинанын абадан коргонуу системасы 23-августка караган түнү орус армиясынын аба чабуулунун мизин кайтарды. Бул тууралуу украин аба күчтөрү билдирди.

Маалыматка караганда төрт облуста орус армиясынын 16 дронунун 14ү атып түшүрүлгөн.

"Зениттик системалар Черкасс, Кировоград, Полтава жана Сумы облусунда иштеди" - деп жазылат армиянын билдирүүсүндө.

Жабыркагандар жана курман болгондор тууралуу маалыматтар чыккан жок.

Ошол эле убакта Изюм районуна жасалган орус армиясынын соккусунан эки кишинин өмүрү кыйылып, бирөө жараат алганын Харьков облусунун бийлиги билдирди.

Маалыматка караганда, алдын ала бүтүмдөр боюнча сокку башкарылган авиабомба менен жасалган.

Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги чек аралаш Курск жана Белгород облустарында украиндердин төрт учкучсуз аппараты атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

ТАСС маалымат агенттиги өз булактарына таянып жазгандай, дрондордун бири Курчатов атомдук электр станциясынын аймагынан жок кылынган.

Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес. Учурда украин армиясы Орусиянын Курск облусунда аскердик операциясын улантып жатат.

Дагы караңыз

Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад ишин кароо 30-августка калды Сузак округу боюнча шайлоого катышууга арыздарды кабыл алуу аяктадыГаза: Израилдин аба соккуларынан 16 кишинин өмүрү кыйылды