Сырдарыянын көйгөйү: ГЭСтердин курулушу, коромжу сугат, коррупция

Cырдарыянын Тажикстандын Кожент аймагынан өткөн агымы, 14-июнь, 2024-жыл

Пайдасы аз ГЭСтер, суунун сугатка ашыкча сарпталышы жана коррупция. Сырдарыяга коркунуч жараткан жагдайлар жана ага каршы көрүлгөн чаралар. “Чек арасыз суулар” деп аталган эл аралык коомдук фонддун жетектөөчү эксперти Евгений Симонов Сырдарыянын экологиялык көйгөйү жана анын чечүү жолдору тууралуу маек курду.

Сырдарыя – Борбор Азиядагы эң узун дарыя. Төрт өлкөнүн аймагын – Кыргызстанды, Тажикстанды, Өзбекстанды, Казакстанды аралай агып, Арал деңизине куят. “Азаттыктын” журналисти жана сүрөт баяндамачы Пётр Троценко Сырдарыяны бойлой жайгашкан айылдарга барып, элдин жашоо-турмушу аркылуу дарыянын азыркы абалын айтып берүүгө аракет кылды. Журналист Сырдарыя бассейнинин көйгөйлөрүн иликтеген эксперттерди да кепке тартты.

Евгений Симонов – таза суунун экосистемасын сактоо боюнча адистешкен эколог, ал глобалдашуунун жаратылышка тийгизген таасири, табиятты коргоодо жарандык коомду активдүүлүккө үндөгөн багыттар боюнча иштейт. Эколог менен интервью “Сырдарыя: башатынан куймасына чейин" деп аталган атайын долбоордун алкагында уюштурулду.

“Коррупциялык долбоорлор сыяктуу эле”

- Сырдарыядагы эң чоң көйгөйлөр кайсылар деп эсептейсиз?

- Сырдарыянын негизги көйгөйү – суунун ашкере көп сарпталышы. Дарыяны бир нече өлкө пайдаланат. Cууну башкаруу боюнча мамлекеттер аралык кандайдыр бир келишимдер бар. Бирок ал келишимдердин натыйжасыз жактары арбын. Ошондуктан дарыянын экосистемасын эч ким эсепке албайт. Натыйжада Сырдарыянын ресурсу гана максималдуу колдонулбастан, агымын дагы көп буруп кетишкен. Тагыраагы, бул дарыяда Арал деңизинин бассейниндеги гидротехникалык курулуштардын дээрлик көпчүлүгү жайгашкан.

Евгений Симонов.

Мен Сырдарыянын жана анын бардык куймалары тууралуу айтып жатам. Азырга чейин жүздөн ашык чоң дамбалар курулган. Бул экосистеманын нормалдуу иштөөсүн сактоо жана жан-жаныбарлардын түрлөрүн коргоо жагынан алганда чоң көйгөй. Мунун айынан Сырдарыяда жана анын куймаларында жашап келген айрым жаныбарлар тукум курут болду же өлүп жок болуу коркунучунда турат. Айталы, көп жылдан бери Cырдарыядагы осетр балыгынын бир түрүн (лжелопатонос) эч ким көрбөй калды. Бир кезде бул сейрек осетр дарыя аркылуу кеңири тараган эле. Дамбалардын курулушу жана суунун агымынын бурулушу чоң кесепетин тийгизди.

- Сырдарыянын азыркы абалы, аны бөлүштүрүү, башкаруу көйгөйлөрү СССРден мураска калганбы же бул Борбор Азия өлкөлөрү эгемендик алган жылдардан кийин пайда болдубу?

- Ар кайсыл өлкөдө бири-биринен айырмаланат. Жалпысынан алганда, маселе Советтер Союзунун учурунда эле жаралган. Тилекке каршы, Борбор Азия өлкөлөрү мындан сабак алып, жетиштүү жыйынтык чыгарган жок. Ушул тапта Сырдарыя бассейнинде жакын арада курулуучу 70тен ашык жаңы ири дамбалар долбоорлонуп жатканын билебиз. Башкача айтканда, Борбор Азия өлкөлөрү көйгөйдү азыркы мезгилде ого бетер курчутууда. Булардын көбү ГЭСтерди курууга багытталган, коррупциялык долбоорлор сыяктуу эле көрүнөт.

Дагы караңыз Нарынды бойлогон балчылар


Сырдарья бассейниндеги негизги долбоорлор Кыргызстанга тиешелүү. Бул жерде 40ка жакын ири жана 80 чакты чакан дамбалардын курулушу мерчемделип жатат.

Албетте, экинчи орунда Өзбекстан турат. Бул өлкөнүн дагы бир нече чоң дамбаларды куруу планы бар. Мени таң калтырганы, Кыргызстандын Нарын дарыясына совет мезгилинде курулган ГЭС каскадынын төмөн жагына дагы алты дамба куруу долбоору бар. Кызыгы, мында сейрек кездешүүчү балыктар байырлагандыктан, "Сырдарыянын башатындагы" биотүрдүүлүктүн негизги аймагы катары жарыяланган болчу.

Нарын дарыясы. Кыргызстан, 1 - август, 2024 - жыл.

Казакстанга келсек, Сырдарьянын өзүндө ГЭС куруу мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Анткени дарыянын басымдуу бөлүгү түздүктөр аркылуу агып өтөт. Бирок Арыс дарыясынын бассейнинде (Казакстандын түштүгүндөгү дарыя, Сырдарыянын оң куймасы) кеминде 20 чакан ГЭС куруу пландаштырылууда. Болгондо дагы корук аймактарда же аларга жакын жерде. Мындан дагы чатак жагдай Өгем дарыясына гидроэлектростанцияларды куруу планына байланышкан. Дарыя Сайрам-Өгем улуттук паркынын ортосун тепчип өтөт. Тилекке каршы, Казакстан чакан, пайдасы жокко эсе болгон ГЭСтердин курулушун мамлекеттик кепилдиктер аркылуу колдоп келүүдө.

- Тажикстандын аймагында Сырдарынан абалы кандай? Мен билгенден, аларда жаңы ГЭСтерди куруу планы жок болсо керек.

- Чынында Тажикстанда жагдай башкача. Алардын эки плотина бар: Кайраккум жана Фархад. Ушу тапта жаңы ГЭСтерди куруу планы деле жок. Бирок муну дарыянын абалына кам көргөндүк деп түшүнбөш керек. Болгону алардын гидроэнергетикалык курулуштар үчүн ресурсу түгөнгөн. Сырдарыя толугу менен пайдаланылган, ГЭС курууга ылайыктуу чоң куймалары жок.

Дарыя кир, аны кантип тазаласа болот?

- Сырдарыянын суу бассейнине ГЭС курулса, кандай көйгөй жаралышы мүмкүн?

- Биринчиден, суу сактагычтын түбү ылайлап, агымдын төмөн жагындагы жер кыртышында эрозия процессин түп-тамырынан бери өзгөртөт. Мындан сырткары гидрокурулуш жүрүп жатканда суу ресурстары ашыкча сарпталат. Андыктан белгилүү бир маалдарда дарыянын өзүндө суу аз калат. Ал эми кээ бир жерлерде сай такыр какшып, суунун баары каналга кетет. Мисалы, Ташкент аймагындагы Чырчык дарыясын карасаңар, андагы Хожикент ГЭСинде суу (Чырчык дарыясындагы кубаттуулугу жагынан экинчи ГЭС) Ташкенттин керектөөсү чегине жеткен чакта камсыздоо үчүн күнүгө бир нече сааттап агат.

Ошондуктан дарыядагы суунун кайра калыбына келүүсү өтө солгун деп ойлойм. Бардык куйган суулар дарыяга кошулганы менен, тазалоо системалары тегиз жакшы иштебейт, көпчүлүк жерде дегеле андай система жок. Андыктан суунун санитардык абалы өтө начар, дарыяга сугаттан чыккан, химиялык заттар кошулган кир суу кайра куят.

Мен гидрохимия боюнча адис эмесмин, тигил же бул жердеги маалыматтарды так билбейм. Бирок мунун баары Сырдарыя өтө булганганын жана абал оор экенин көрсөтөрү анык. Анан жакынкы 20 жылга пландалып жаткан курулуштар ишке ашса, дарыянын бассейнинин бир да жеринде, алтургай 100 чакырым аралыкта, корук же курулуш тыюу салган аймактарды кошкондо дагы таза суу калбайт.

Кайраккум ГЭСи. Тажикстандын Согд облусу, 17 - июнь, 2024 -жыл

- Сырдарыя бассейнинде мынча гидоэнергетикалык жайлардын болушунун себеби эмнеде?

- Оболу бул ар бир өлкөдөгү социалдык-саясий кырдаалга, башкаруунун жана чечим кабыл алуунун солгундугуна, жемкорлуктун кеңири тамыр жайганына байланыштуу. Иш жүзүндө учурда гидроэнергетикалык жайларды салуу экономикалык жактан өзүн актабайт.

Бир жагынан алганда, андай жайлар жетишерлик көп, ал эми жаңысын салуу өтө кымбатка турат. Мисалы, ГЭС салуу күн энергиясын пайдаланган электростанцияга караганда болжол менен 3-4 эсе көп чыгымды талап кылат. Сырдарыянын бассейни күнөстүү эмеспи.

Мындан улам энергетиканын башка өзгөчөлүктөрүн айтпаганда деле ГЭСтен энергия өндүрүү рентабелдүүлүгү төрт эсе аз экени түшүнүктүү. Чындыгында ошондой, ГЭС чыгарган энергиянын баасы өсүп, күн энергиясыныкы улам арзандап баратат.

Анда ГЭСтер эмнеге керек? Албетте, анын артыкчылыктары бар: башка булактардан энергия жетишпей калганда бизге жарык берет. Эгер суу сактагыч болсо, силер турган жерде шамал жок, күн нуру жетишсиз болсо, анда электр энергиясын алуу үчүн сууну колдонсо болот.

Андыктан өлкөлөрдүн бийлиги арзан жана көмүр жакпаган энергосистеманы эффективдүү өндүрүүнүн жолу катары азыр күн нурунан жана шамал станцияларынын күчү жетпей калганда иштеп турган ГЭСтерди колдонсо, рационалдуу чечим болмок. Күн энергиясы арзан болгондуктан жана жөнөкөй жол менен алынгандыктан артыкчылыкка ээ.

Жаныбызда күн батареяларын чыгарууда алдына эч кимди салбаган эбегейсиз Кытай турганда азыр кайра калыбына келчү энергиянын булактарын пайдалануунун алтын доору келди. Бирок, тилекке каршы, күн панелдеринен көп кымырып ала албайсың.

Күн электростанциясы – өтө жөнөкөй, экономикалык жактан үнөмдүү модулдук система. Анын баасы орточо алганда бир киловаттына 1 миң доллар болсо, пландалган курулушка жана сарпталган сумма алымча-кошумчасы менен 10%. Гидроэлектростация – түпсүз жарака, акча соргуч. Дүйнөдө ГЭСтин курулушу башталгандан тарта бүткүчө орточо долбоордун баасы 80% көбөйөт. Анткени ар бир ГЭС – эмне болуп кетерин эч ким боолгоп айта албаган, толтура белгисиз жагдайлар коштогон уникалдуу курулуш. Мурдагы СССРдин аймагында бул көйгөй күчтүү. Мисалы, Тажикстандагы Рогун ГЭСинин пландалган курулуш наркы 2009-жылдан бери 3 миллиарддан 22 миллиард долларга көтөрүлүп, дагы эле өсүп жатканын бөркүңүздөй көрүңүз.

Сырдарыянын боюндагы Фархад ГЭСи, Тажикстандын Согд облусу, 15-июнь, 2024-жыл

Мындан тышкары гидроэлектростанция климаттан, дарыянын агымынан көз каранды. Белгилүү бир маалда, жылдары электроэнергия өтө көп өндүрүлсө, башка жылдары кургакчылыктын айынан өндүрүш азаят. Шарттуу айтканда, эгерде өлкөдө электр жарыгын өндүрүүнүн 80% ГЭСтер жапса, демек ал өз экономикасын туңгуюкка такап, жарыкты жаккандарды азапка салат.

Кыргызстан менен Тажикстандын мисалы көрсөткөндөй, суу тартыш, энергия өп-чап экени тууралуу жыл сайын окуп келебиз.

Демек, энергетиканын булактарын диверсификациялоо зарылдыгы көрүнүп турса дагы, бул өлкөлөрдүн жетекчилери, Сырдарыя бассейни тууралуу кеп кылсак, Кыргызстан эл аралык коомчулуктан же ишкерлерден жаңы ГЭСтерди салууга акча алуу аракетинде. Тактап айтканда, алар жердин баарына чоң-кичинеси болуп ондогон ГЭСтердин курулушун каржылоого эбегейсиз чоң инвестиция издеп жүрөт. Анын ичинде табыгый шарттардан улам ГЭС курууга таптакыр тыюу салынган жерлер да бар.

Энергетикалык кризисти мындай ыкма дегеле чечпейт. Ошол эле маалда Кыргызстандагы ГЭСтерге, айрыкча майдаларына дайыма майнинг фермаларды жабыштырышат. Башкача айтканда, ГЭС электроэнергиянын таңкыстыгын жабат делгени менен, иш жүзүндө чакан ГЭСтердин көбү акыры майнинг фемалар үчүн иштейт экен да. Кыргызстанда табиятты коргоого жана башка мыйзамдарды аткарбоого жол берген энергетикада өзгөчө кырдаал абалы киргизилген.

Сууну кантип cарамжалдуу пайдаланса болот?

- Сууну айыл чарбасында коромжу болушу дагы чоң көйгөлөрдүн бири эмеспи?

- Суу таңкыстыгын эске алганда, бул эң орчундуу көйгөйлөрдүн бири. Анткени Сырдарыя бассейнинен сугатка колдонулган ыкмалар совет мезгилиндегиден анчейин деле айырмаланбайт, ошондуктан акыр аягында Арал деңизинин соолушуна алып келди. Ырас, Борбор Азия өлкөлөрү муну өзгөртүү үчүн эбегейсиз күч жумшоодо. Анын канчалык натыйжалуу болуп жатканын мен айта албайм. Сууну керектөө өсүүдө. Албетте, кандайдыр бир натыйжалуу технологияларга өтүү жана дыйканчылыктын сууну азыраак талап кылган түрлөрүн табуу чөлкөмдүн келечеги үчүн өтө маанилүү. Анын үстүнө региондогу калктын басымдуу бөлүгү салтка айланган дыйканчылык, багбанчылык менен алектенерин эске алуу зарыл. Мунун өзү социалдык-экономикалык механизмдер менен байланышкан, салыштырмалуу айтканда, аны бир шилтеп эле кесип салууга болбойт. Авторитардык өлкөлөрдө сууну башкарууну төмөндөн баштаган активдүү коомдук системаны түзүү кыйын экени түшүнүктүү. Ошондуктан калкты өзүң тарапка тартып, эл өзү эле сууну үнөмдөө керектигин аң сезимдүү түрдө түшүнгөндөй кылуу өтө кыйын.

Сырдарыядан суу ичкен айыл - чарба талаалары. Тажикстандын Согд облусу, 15-июнь, 2024-жыл

- Соңунда сиздердин уюм тууралуу сурайын. “Чек арасыз дарыялар” азыркы маалда Борбор Азияда, тагыраагы, Сырдарыя бассейни боюнча эмне менен алектенип жатат? Борбор Азия чөлкөмү үчүн дагы кандай пландарыңар бар?

- "Чек арасыз дарыялар" Борбор Азияга жакында ишмердигин баштады. Биз азыр жергиликтүү уюмдар менен чогуу дарыялардын экосистемасы канчалык жабыр тартканын аныктоо жана аны региондун кайсы бир жеринде экосистеманы сактап калуу мүмкүнчүлүгүн баалоо аракетин көрүп жатабыз. Ошондой эле суу бассейндерине көп зыяны тийбегендей башкарууга жардам бере турган зарыл экологиялык жана экономикалык чараларды иштеп чыгуудабыз. Биринчи кезекте суу инфраструктурасын пландаштыруу жана жаратылышка, жергиликтүү жамааттарга тийгизген таасирин баалоо керек. Биз ал аркылуу конкреттүү долбоорлорду, бүтүндөй регионду түшүнүүгө аракет кылабыз. Азырынча биз Борбор Азиядагы дарыялардын бир катар суббассейндеринде изилдөөлөрдү жүргүздүк. Андан сырткары жалпыга ачык болгон маалымат базасын түздүк.

Биз эң баалуу болгон жаратылыш аймактарына: ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурасына кирген объектилерине, коруктарга жана өзгөчө маанилүү жайларга атайын көңүл буруп, айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоонун заманбап ыкмаларын киргизүүгө аракет кылуудабыз. Ошондой эле Борбор Азиядагы дарыялардын экосистемасын коргоо жана өнүктүрүү пландары жөнүндө, негизинен дамбаларды жана суу сактагычтарга байланышкан бардык ачык маалыматтарды веб-сайтыбызга чогултабыз.