Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:04

"Бийик тоолордогу 400дөй көлдүн ташып кетүү коркунучу бар"


Зындан көлү.
Зындан көлү.

Кыргызстанда тоодо жайгашкан 2000ден ашуун көлдүн 370инде жырылуу коркунучу бар. Буга эмне себеп жана анын алдын алууга болобу?

Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин Анализ жана божомолдоо башкармалыгынын жетекчиси Мадина Аманова "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- 21-августта жырылып кеткен Зындан көлүнүн географиялык мүнөздөмөсү кандай?

- Зындан көлү Ысык-Көл облусунун Тоң районунда, тескей Ала-Тоодо 3770 метр бийиктикте жайгашкан. Ал буга чейин эле жырылып кетүү кооптуулугу бар көлдөрдүн тизмесинде болгон. Түрү боюнча мореналык мөңгү көлдөрүнүн катарын толуктайт. Жер астынан агып чыгуучу каналдары бар болгондуктан, суу толбой өтүп кете берет. Бирок каналдар жылышып кеткенде, суу топтоло баштайт. Быйыл ал көлгө 20-июлдан тарта мониторинг жүргүзө баштаганбыз. Анын ичинде космостук мониторинг бар. Асмандан тартылган сүрөттөрдү карап, көлдүн үстүңкү бетинин абалына байкоо салабыз. Адистерибиз жеринен да изилдөө иштерин жасашат. Андан тышкары Борбор Азия университетинин адистери менен кеңешип, Зындан көлүндө жырылып кетүү коркунучун аныктаганбыз. Эки жума мурун жергиликтүү бийликке маалымат берип, эскерткенбиз.

- Жырылып кетүүнүн алдын алса болот беле?

- Негизи, көлдүн жырылышынын түрлөрү болот. Мисалы, каналдар ачылып, эч жерге зыян келтирбей, суу агып чыгып кетет. Кээде кечээгидей ташкындап жырылышы ыктымал. Ошондуктан алдын ала айта албайбыз. Мүмкүнчүлүккө жараша элге эскертүү гана беребиз. Кечээги жырылууда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери жакшы иштешти, техниканы тезинен алып келип, суунун нугун дарыяга буруп салышты.

- Азыр жагдай кандай?

- Азыр кырдаал стабилдүү. Көл жырылып бүттү, суу агып чыгып кетти. Агып чыгуучу каналдар калыбына келди, коркунуч жок.

- Зындан көлүнүн жээги мурда да жырылганбы?

- Ооба, 2008-жылы болгон. Тилекке каршы, анда адам өмүрү кыйылган. Быйыл Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын жардамы менен маалыматтык система иштеп чыкканбыз. Ал долбоор бизге Кыргызстандагы 370 кооптуу көлгө бир учурда байкоо салуу мүмкүнчүлүгүн берет.

- Демек, Кыргызстанда 370 көлдүн жарылуу коркунучу бар, туурабы?

- Кыргызстандагы көлдөрдүн каталогу бар. Анда бийик тоолуу көлдөрдүн саны 2000ден ашат. Анын 370инде жырылуу коркунучу бар. Деңгээли ар кандай, кээ бириники жогору, башкаларыныкы анча кооптуу эмес.

- Азыркы тапта Зындан сыяктуу кооптуу деп эсептелген көлдөр барбы?

- Быйыл байкоо салынган көлдөрдүн арасынан Көл-Төр ушундай кооптуу болчу. Бирок алдын алуу иш-чаралары күчөтүлүп, ал калыбына келтирилди. Андан тышкары, Зындан бизди тынчсыздандырып турган. Башка көлдөрдө абал туруктуу, байкоону улантып жатабыз.

Кыргызстандагы бийик тоодогу көлдөрдүн картасы. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.
Кыргызстандагы бийик тоодогу көлдөрдүн картасы. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.
Маалымат үчүн:

21-августтун кечинде Ысык-Көл облусунун Туура-Суу айылында Тоң суусунун деңгээли көтөрүлүп, суу каптоо коркунучу жаралды. Буга бийик тоодогу Зындан көлү жырылганы себеп болгон.

Ашкан суу Тоң дарыясынын нугуна бурулганын Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү кабарлаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин акыркы маалыматына караганда, Туура-Суу жана Балык завод айылдарында жана Тоң дарыясынын айланасынан 490 адам коопсуз жайга убактылуу көчүрүлгөн. Абал байкоого алынып, көзөмөлдөнүп жатат.

XS
SM
MD
LG