Орусия Ага Хан фондунун башчысына санкция салды

Ханзада Карим Ага Хан. Бишкек. 18-октябрь, 2016-жыл

Орусия Ага Хан фондунун башчысы, дүйнөдөгу исмаилиттердин лидери ханзада Карим Ага Ханга санкция салды.

Фонддун дагы төрт өкүлү: Кристофер Эндрю, Мэтт Рид, Ализа Митха жана Николас МакГрат мындан ары Орусияга кире албайт.

Орус Тышкы иштер министрлиги 19-августтагы билдирүүсүндө "Орусияга каршы саясат жүргүзгөн британиялык аналитикалык борборлорго, консалтинг агенттиктерине жана башка бул өңдүү түзүмдөргө каршы санкция киргизилгени" айтылган.

Ага Хан фондунун Москвадагы өкүлчүлүгү 2022-жылы апрелде жабылган. Орусияда уюм кайрымдуулук менен алектенип, мигранттарга медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүү, алардын балдарынын билимин жогорулатуу, социалдык адаптациясын жакшыртуу өңдүү иштерди жүргүзүп келген.

Орус президенти Владимир Путин Карим Ага Хан менен 2002-жылы жолуккан. 2017-жылы Москвада ханзвада менен орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун сүйлөшүүлөрү болуп өткөн.

Фонддун санкциялар тууралуу кабарга реакциясы азырынча белгисиз.

Сөз болгон “кара тизмеге” андан тышкары Forward Strategy Limited, Institute for Statecraft, Media Diversity Institute, Toro Risk Solutions, Chatham House, Open Knowledge Foundation, Privacy International жана Peace Child International камтылган. Министрлик тизме толуктанарын кошумчалады.

Дагы караңыз

Талибдер БУУнун Адам укуктары боюнча атайын өкүлүн Ооганстанга киргизбейтСобянин Москвага учуп келаткан 10 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирдиСадыр Жапаров таштанды терип, калкты жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырды