Собянин Москвага учуп келаткан 10 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди

Москванын борборундагы эскертүү

Орусиянын Коргоо министрлиги өткөн түнү Москва, Брянск, Белгород, Калуга жана Курск облустарында украиналык 4 учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Москванын мэри Сергей Собяниндин маалыматы боюнча, "орус башкалаасына дрондор менен чабуул коюунун масштабдуу аракети көрүлдү". Ал 21-августка караган түнү шаарды көздөй учуп келаткан кеминде 10 дрон атып түшүрүлгөнүн кабарлады.

Мэр жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат түшпөгөнүн кошумчалады.

Москвага чабуул коюлганын буга чейин Собянин 11-июлда билдирген. Ал жолу учкучсуз учак Москва облусундагы Ступино шаарынын жака белинде атып түшүрүлгөнү айтылган.

Былтыр жайда украиналык дрондор орус башкалаасын бир нече ирет бутага алган. Ошондо Москва-Сити бизнес-борборунун фасадына зыян келтирилген.

Орус бийлиги чабуулдар үчүн Киевди айыптап келгени менен, украин тарап адатта мындай чабуулдарды комментарийсиз калтырат.

Ростов облусунун губернатору Василий Голубев аймактын батышында ракета атып түшүрүлгөнүн, кыйроолор жана жабыркагандар катталбаганын билдирди.

Украинанын куралдуу күчтөрүнун башкы штабы шаршембиге оогон түнү аскерлери Ростов облусундагы Новошахтинск деген жерге жакын жайгашкан С-300 зениттик-ракеталык комплекске сокку урушканын маалымдады.

Телеграм-каналдарда жарыяланган видеодо ракетанын сыныктары түшкөндө өрт тутанганы айтылууда. Бул маалыматты ыкчам текшерүү мүмкүн эмес.

Брянск жана Белгород облустарынын жетекчилери түнкү чабуулдар залака тийгизгени тууралуу маалымат азырынча жок деп билдиришти. Калган региондордун бийликтери чабуулдарга байланыштуу комментарий жасай элек.

Дагы караңыз

Садыр Жапаров таштанды терип, калкты жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырдыДемократтар Камала Харристи президенттикке талапкер кылып көрсөттү24.kg: Кыргызстандын көпчүлүк банктары Орусиянын банктарына акча которууну токтотту