Ысык-Көлдө селдин кесепеттерин жоюу иштери уланды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары. 20-август, 2024-жыл.

Ысык-Көл облусунда соңку жаан-чачындан кийинки селдин кесепеттерин жоюу иш-чараларын улантуу үчүн 20-августта таң эрте жалпы 755 адам, 59 атайын техника тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Анын ичинен ӨКМден 358 куткаруучу, 7 инженердик техника, 8 мотопомпа чыкты. Ал эми облустук Жарандык коргонуу кызматтарынан 397 кызматкер жана 33 ХОВО, 16 жүктөгүч, 7 экскаватор, 3 ассенизатор иштеп жатат.

Селдин кесепеттерин жоюу жана тазалоо жумуштары 18-19-август күндөрү да түн жарымга чейин созулган. Анда да министрликтин куткаруучулары, жергиликтүү органдардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар чыккан.

18-августтун кечинде жана 19-августка караган түнү Ысык-Көл, Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Түп райондорундагы айыл-кыштактарда катуу жаан жаап, бир нече жерлерде сел жүрдү. Турак жайларды суу каптап, бир катар жолдор жабылган.

Учурдагы маалыматтарга ылайык, Ысык-Көл районунда 497 турак үй, 3 социалдык мекеме (1 бала бакча, 1 ФАП, 1 китепкана) эс алуу жайлары жабыркаган. "Аврора", "Аврора плюс", "Карвен" эс алуучу жайларынын, "Нептун", "Семиран" пансионаттырынын короолорун суу каптап, Балыкчы-Каракол жолунун 97-чакырымын сел баскан.

Ысык-Көл районунда жана Тоң районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Жети-Өгүз, Түп жана Ак-Суу райондорунун администрациялары күчөтүлгөн режимде иштеп жаткан. (ErN)

Дагы караңыз

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча инвестициялык макулдашуу иштелип чыктыИранда бир күндө сегиз киши дарга асылдыНоокатта курулуп жаткан соода борборго 200 миң сом айып пул салындыБолгарияда парламенттик шайлоо белгисиз мөөнөткө калдыПакистанда маймыл чечеги жуккан бир бейтап катталдыMBANK Орусиянын банктары менен акча которуу кызматташтыгын убактылуу токтотту