Иранда бир күндө сегиз киши дарга асылды

Иранда өлүм жазасынын колдонулушуна каршы акция. Түркия. Архивдик сүрөт.

Иранда 19-августтун таңында эки түрмөдө жалпысынан сегиз киши дарга асылганын кеминде эки укук коргоо тобу кабарлады.

Бул өлкөдөгү белужи этностук азчылыгынын укуктарынын бузулушу тууралуу мониторинг жүргүзүп келе жаткан Haalvsh укук коргоо тобунун маалыматына караганда, борбордук аймактардын бири Йезд шаарындагы түрмөдө үч белужи жараны жана ооганстандык эки жаран өлүм жазасына тартылды.

Аларга адам өлтүрүү жана тыюу салынган маңзат ташуу тууралуу айыптар тагылган.

Башкы кеңсеси Норвегиянын борбору Осло шаарында жайгашкан Iran Human Rights уюму ушундай эле айыптардын негизинде соттолгон үч эркек киши Ирандын түштүгүндөгү Шираз шаарындагы түрмөдө дарга асылганын маалымдады.

Укук коргоочулардын айтымында, Иранда быйыл жыл башынан бери кеминде 376 адам өлүм жазасына тартылды.

Дүйнөдө жүзөгө ашырылган өлүм жазасы боюнча көрсөткүч соңку он жылда эң жогорку деңгээлге жеткенин, буга Ирандагы абал түрткү болгонун 29-майда Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму билдирген. (RK)

Дагы караңыз

"Балхаштан ажырап калышыбыз мүмкүн". Казактар АЭС долбооруна каршы Болгарияда парламенттик шайлоо белгисиз мөөнөткө калдыУкраина Курскиде "буфердик зона" түзөрүн билдирди Пакистанда маймыл чечеги жуккан бир бейтап катталды