Орусияда кыргызстандык жаран полицияга зомбулук көрсөткөн деп шек саналууда

Мигранттар жашаган жердеги текшерүү. Орусия, 2023-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын борбору Москва шаардык Тергөө комитети Кыргызстандын жаранын полиция кызматкерине зомбулук кылган деген шек менен камакка алууну соттон сурамакчы. Бул тууралуу 19-августта аталган Тергөө комитетинин Телеграм каналында жазылды.

Маалыматка караганда, Москванын Дорогомилевск райондор аралык тергөө бөлүмү тарабынан кыргызстандык жаранга карата Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 318-беренеси ("Бийлик өкүлүнө зомбулук кылуу") менен кылмыш иши козголгон.

"Тергөөнүн версиясына караганда, 16-августта кыргызстандык жаран Москванын Малый Филевский көчөсүндө полиция кызматкеринин (аялдын) айтканын аткарбай, ага зомбулук кылган. Шектүүгө айып тагылды", - деп жазылган маалыматта.

Полиция кыргызстандык жаранды полиция кызматкери эмнеге токтотконун, кандай талаптарды аткарбай, кандай зомбулук кылганын так маалымдаган эмес. Кыргызстандык жарандын аты-жөнү, жаш курагы тууралуу да маалымат жок.

Тергөө комитети 19-августта Дорогомилевск райондук сотунда кыргызстандык жаранды камакка алууну өтүнүү ниети бардыгын билдирген.

Москва полициясынын бул маалыматы боюнча Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги, Москва шаарындагы Башкы консулдук азырынча комментарий бере элек.

Орусияда Борбор Азиядан барган мигранттарга мамиле улам катаалдашып бара жатканы айтылып келет. Мамлекеттик Думада бир катар мыйзам долбоорлору сунушталып, анын басымдуу бөлүгү мигранттардын укуктарын чектөөгө багытталган. Бир катар облустарда мигранттарга кээ бир иштер менен алектенүүгө тыюу салынган.

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, учурда Орусияда 400 миң чамалуу кыргызстандык жашап, иштейт. (ZKo)

Дагы караңыз

"Балхаштан ажырап калышыбыз мүмкүн". Казактар АЭС долбооруна каршы MBANK Орусиянын банктары менен акча которуу кызматташтыгын убактылуу токтоттуОрусия Украина ээлеген аймагында дагы бир көпүрөгө сокку урулганын тастыктады Министрлик Кыргызстанда маймыл чечегинин алдын алуу чаралары көрүлүп жатканын билдирдиИлимдер академиясынын мурдагы кызматкери Карабаевдин камактагы мөөнөтү узарды