Тажикстанда белгилүү журналист камакка алынганы маалымдалды

Ахмад Иброхим. Архивдик сүрөт.

Тажикстанда көз каранды эмес басылманын башкы редактору Ахмад Иброхим камакка алынганы кабарланып жатканын 19-августта «Азаттыктын» тажик кызматы жазды.

Күч кызматкерлерине жакын бир нече булак өлкөнүн түштүгүндөгү Куляб шаарынын полициясы журналистти кармап кеткенин, ага пара берүү тууралуу айып тагылып жатканын өткөн дем алышта айтып беришти.

Алардын айтымында, «Пайк» эркин гезитинин башкы редактору, 62 жаштагы Ахмад Иброхим 12-августта кармалган. Ага гезитин кайрадан каттоого тургузуу үчүн кызмат адамдарынын бирине пара сунуш кылган деген айып тагылууда.

Тажикстанды 30 жылдан бери бир гана киши – Эмомали Рахмон башкарып келе жатат. Эл аралык уюмдар бул өлкөдө саясий атаандаштык үчүн шарт түзүлбөгөнүн, диктатордук бийлик орногонун айтышат. Соңку жылдары бир нече журналист, укук коргоочу жана оппозиционер саясатчы түрдүү айып менен камакка алынды. Алар өзүлөрү бийликтин мындай айыптоолорун ойдон чыгарылган саясий куугунтук деп атап келишет. (RK)

Дагы караңыз

Акылбек Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоо жыйынтыктоочу баскычка келгенин айттыКазакстанда АЭС куруу сунушун "путиндик жарнама" деген активист кармалганы кабарландыОрусияда соттолгон АКШ жаранынын өкүмү өзгөрүүсүз калдыКыргызстанда бакчага барган балдар жалпы наристелердин 28,3% түзөт