Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:11

Акылбек Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоо жыйынтыктоочу баскычка келгенин айтты


Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров администрациянын кызматкерлери менен өткөргөн 19-августтагы кеңешмеде кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесине да кайрылды.

“Чек ара маселеси биздин жарандарды тынчсыздандырган көйгөйлөрдүн бири болчу. Баткен облусун бир эмес эки жолу калыбына келтирүүгө туура келди. Садыр Нургожоевичтин күчтүү эрки жана Камчыбек Кыдыршаевичтин командасынын ишинин жыйынтыгы менен кыргыз-өзбек чек арасы толук такталып бүттү. Азыр эми Тажикстан менен чек ара боюнча сүйлөшүүлөр жыйынтыктоочу баскычта турат”, – деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Тажикстан менен чек араны тактоо боюнча соңку чечим качан кабыл алынарын анык айткан жок.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топтордун соңку отуруму 11-августтан 17-августка чейин Баткен шаарында өттү. 1-6-июль күндөрү алар Тажикстандын Бустон шаарында кездешкен.

Бустондогу жыйындарга Кыргызстандын жана Тажикстандын атайын кызматтарынын төрагалары – кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк делегациялардын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов да катышкан.

Президент Садыр Жапаров былтыр жыл аягында Баткенге барганда Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айларына чейин такталып каларын айткан.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. 2022-жылы президенттер жолуккан маалда мунун 664 чакырымы боюнча орток пикир табылганын айтышкан.

Чек ара такталбагандыктан суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта байма-бай чыр-чатактар катталып келген. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында чек арада кандуу кагылышуулар болгон.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча келишимди Жогорку Кеңеш 2022-жылы ноябрь айында жактырган. Эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев 2023-жылы январда Бишкекте ратификациялоо грамоталарын алмашкан. (BTo\ErN)

XS
SM
MD
LG