Лукашенко аскерлеринин үчтөн бири Украина менен чек арага жөнөтүлгөнүн айтты

Александр Лукашенко.

Александр Лукашенко беларус аскерлеринин үчтөн бири Украина менен чектеш тилкеге жөнөтүлгөнүн билдирди. 18-августта Орусиянын "Россия-1" мамлекеттик телеканалына курган маегинде ал Киев Беларус менен чек арасына жакын аймакка кошумча күчтөрүн жайгаштырганын, алардын саны 120 миңден ашуун болгонун, ошол себептен беларус тарап мындай кадамга барганын айтты.

Лукашенконун айтымында, кийин украин тарап да, беларустар да чек арага жөнөткөн кошумча аскерлерин алып кетип, согуштун башында жөнөтүлгөн бөлүктөрүн гана калтырышкан.

Өлкөнүн батыш чек арасында, «Бресттен Гродного чейин» да коопсуздук чаралары күчөтүлгөнү маалымдалды.

Украин аскерлеринин Орусиянын Курск аймагындагы операциясын Лукашенко туура эмес деп атады.

"Аскерлер жана Путин өлсө-талса да украин аскерлерин ал жактан кубалап чыгышат", — деп айтты.

Ошону менен катар ал Москва менен Киев сүйлөшүүлөрдү баштаса туура болорун белгиледи.

Украина 6-августта башталган Орусияга чабуулу орус тарап менен сүйлөшүүлөр жүрө турган болсо Киевге ыңгайлуураак позицияны ээлөөгө мүмкүнчүлүк берерин билдирген. Орус президенти Владимир Путин бул окуядан кийин кандайдыр бир диалогдун болушу күмөн экенин айткан. (RK)

Дагы караңыз

Бийликти сындаган Фейсбук колдонуучу, козголгон кылмыш иши Газада дагы 19 кишинин өмүрү кыйылдыӨзбек өкмөтүнүн башчысы Кабулга барды Курскиде кармаш уланууда, Запорожье АЭСинде абал кооптуу