Газада дагы 19 кишинин өмүрү кыйылды

Газа сектору.

Израил аскерлеринин чабуулунан 18-августка караган түнү Газа секторунда дагы 19 кишинин өмүрү кыйылганын жергиликтүү саламаттык сактоо мекемеси билдирди. Каза болгондордун көбү аялдар жана балдар экени маалымдалды.

Жалпысынан, он айдан берки согуш, мекеме кабарлагандай, кеминде 40 миндей палестин тургунунун өмүрүн алды, жараат алгандар саны 92 миңден ашты.

Согушту токтотуу үчүн ортомчулук сүйлөшүүлөрүн улантуу максатында бүгүн 18-августта АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Жакынкы Чыгышка кезектеги сапар менен барды. Ушуну менен Кошмо Штаттардын башкы дипломаты бул маселеге байланыштуу аталган аймакка он ай ичинде тогузунчу жолу барышы.

Соңку сүйлөшүү эки күн мурда Катардын борбору Дохада уюштурулган. Ага АКШ, Египет, Катар жана Израил катышкан. ХАМАС ( АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобу өкүлдөрүн жөнөткөн эмес.

АКШ, Египет жана Катар өкүлдөрү Газадагы согушту токтотуу үчүн ортомчу катары тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп келе жатышат, бирок алардан азырынча так жыйынтык чыга элек.

Израил тынчтыкка ХАМАС тобун жок кылгандан кийин гана, ал эми ХАМАС атышууну убактылуу эмес, таптакыр токтоткондо гана жетишсе болорун айтып келе жатышат.

Былтыр 7-октябрда Израил ХАМАСтын кол салуусуна кабылып, бир күндө 1197 кишинин өмүрү кыйылган, 251 киши барымтага алынган. Барымтадагылардын 111и дагы эле ХАМАСтын колунда экенин, 39у каза болгонун израилдик аскерлер билдирүүдө. Ошондон кийин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ХАМАСты жок кылууга убада берген жана Газа секторунда чабуулдар башталган. (RK)

Дагы караңыз

Өзбек өкмөтүнүн башчысы Кабулга барды Кыргызстанда PISA сынагына даярдык үчүн 80 мугалим окутулатКурскиде кармаш уланууда, Запорожье АЭСинде абал кооптуу 12 жылдык окутуу: Мектептерде кандай өзгөрүү болот?