Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Кыргызстанда PISA сынагына даярдык үчүн 80 мугалим окутулат


Билим берүү жана илим министрлиги тараткан сүрөт.
Билим берүү жана илим министрлиги тараткан сүрөт.

PISA эл аралык изилдөө сынагына даярдык көрүү үчүн 80 мугалим Сингапурдун Celebry платформасын колдонууну үйрөнөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы 18-августта билдирди. Алар тренингден өткөн соң сентябрь айынан тарта STEM предметтери боюнча мугалимдерди окутуп баштайт.

Мекеме август айындагы иш-чаралардын алкагында ушул эле күнү Ысык-Көл облусунда Сингапурдун мектептик билим берүү системасынын презентациясы өткөнүн маалымдады. Ага катышкан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билим берүү сапатын жакшыртууга болгон аракеттер узак убакытта жыйынтык берерин белгиледи.

“Сингапур өлкөсүнүн билим берүү системасындагы бүгүнкү ийгилиги – алардын мындан 14-15 жыл мурун баштаган чечкиндүү кадамдарынын натыйжасы. Биз учурда жасалып жаткан иштердин жыйынтыгын 5-6 айдан кийин күтпөшүбүз керек, анткени бул узак мөөнөттү талап кылуучу иш. Биздин колубузда чоң улуттук тагдыр турат, ошону унутпайлы. Өзгөрүү үчүн чоң жолго аттандык жана аны биргеликте ишке ашырабыз”, - деди Байсалов.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстан экономикалык абалга, эмгек шартка, менталдык маданиятка ылайыкташып, Сингапурдун дүйнөнүн 90 өлкөсүндө пайдаланылган так илимдер боюнча 46 аталыштагы предметтик китептер алынганын билдирди.

PISA (Programme for International Student Assessment) – мектеп окуучуларынын окуудагы жетишкендиктерин баалоочу эл аралык программа. Тест түрүндө 2000-жылдан бери үч жылда бир өткөрүлүп келе жаткан сынакка 15 жаштагы окуучулар катыша алышат. Ага Кыргызстан 2006 жана 2009-жылдары катышып, акыркы орунду алгандан кийин катышпай келет. 2025-жылы кайрадан катышууну пландалууда.

XS
SM
MD
LG