Өзбек өкмөтүнүн башчысы Кабулга барды

Абдулла Арипов. Архивдик сүрөт.

Ооганстанда ооган-өзбек кызматташтыгы талкууланып жатканын «Азади» радиосу жазды. Маалыматта айтылгандай, 17-августта борбор калаа Кабулга Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов баштаган өкмөттүк делегация барды.

Бул Ооганстанда бийлик кайрадан «Талибан» кыймылынын колуна тийген үч жылдан бери өзбек өкмөтүнүн башчысы Кабулга барган алгачкы сапар.

Ооган Өнөр жай жана соода министрлиги X (мурдагы Twitter) социалдык түйүнүнө Ариповдун Кабул аэропортундагы сүрөтүн жарыялап, сапар алкагында эки өлкө ортосундагы соода-сатык кызматташтыгы талкууланарын жазды.

Быйыл март айында Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов Кабулга барып, «Талибан» кыймылы түзгөн өкмөттүн өкүлдөрү менен жолугушуу өткөргөн. Өзбекстандын дипломатиялык мекемесинин жетекчилигинин мындай жолугушуусу бир жыл мурда да уюштурулган.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев 2022-жылдын декабрында «Талибан» өкмөтү менен кызматташууга даяр экенин билдирген.

Эки өлкө Ооганстандын түндүгүндөгү Коштепа каналынын, «Термиз – Мазари Шариф – Кабул – Пешавар» темир жолунун курулушу боюнча долбоорлорду талкуулап келишет.

Өзбекстан ооганстандык ишкерлер менен алака-катышын кеңейтип, бул өлкөгө жалпысынан 44 миллион долларлык товар экспорттоо тууралуу келишимдерге кол койгонун 30-апрелде "Азаттыктын" өзбек кызматы өлкөнүн Соода-өнөр жай палатасынын маалыматына таянып кабарлаган. Мекеме билдиргендей, Ооганстандын ишкерлер тобу Өзбекстанда үч күн болуп, жергиликтүү компаниялардын жетекчилери менен кезигип, экспорттук келишимдерге кол коюп кетишкен.

2001-жылдын 11-сентябрында АКШга террордук чабуул жасалгандан кийин Кошмо Штаттар баштаган НАТОго мүчө бир нече өлкө «Талибанга», «ал-Каидага» каршы согушун жарыялап, Ооганстанга өз аскерлерин жөнөткөн. Он жылдан кийин операция алкагында бул өлкөдө калган америкалык аскерлердин контингенти 110 миңге жеткен. 2021-жылы 15-августта талибдер Кабулду толук өз көзөмөлүнө алышкан, 31-августка караган түнү америкалык аскерлердин баары чыгып кетишкен.

Бийлик 20 жылдан кийин кайрадан колуна тийген «Талибан» «инклюзивдик өкмөт» түзүү, аялдардын билим алуу жана иштөө укугун кепилдөө боюнча сунуштарга макул болбой келет. Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Ооганстандын Батыштагы банк резервдери камакта турат, талибдердин айрым лидерлерине АКШ издөө жарыялаган. Кыргызстан "Талибан" өкмөтүн расмий тааныбай турганын, бирок Кабул менен диалогго баруу зарыл экенин билдирген. (RK)

Дагы караңыз

Курскиде кармаш уланууда, Запорожье АЭСинде абал кооптуу 12 жылдык окутуу: Мектептерде кандай өзгөрүү болот?"Бир уруудан бир кыз гана аман калган". Үркүндү эскерген жүрүшБелгилүү актёр Ален Делон 88 жашында дүйнөдөн кайтты