Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Белгилүү актёр Ален Делон 88 жашында дүйнөдөн кайтты


Ален Делон.
Ален Делон.

Францияда 1960-1980-жылдардагы кино жылдыздарынын бири, актёр Ален Делон 88 жашында көз жумду. Бул тууралуу AFP агенттигине анын балдары ырасташты.

Делон 1935-жылы Париждин четинде төрөлгөн. Анын өгөй атасы колбаса чыгаруучу завод иштетип, бул өнөрүн уулуна өткөрүп бергиси келген, бирок ал армияга барып кызмат кылууну чечкен. Ал деңиз флотунун мүчөсү катары Индокытай согушуна катышкан. Парижге кайтып келип, өзүн актёр катары сынап көрмөкчү болгон.

Делондун келбети алгач продюсерлерди чочулаткан, алар Делон өтө эле сүйкүмдүү экенин айтышкан. Кийин аны менен иштешкен режиссёрлор анын сейрек кездешкен актёрдук “илинчегин”, ролду берилип аткарганын жогору баалашкан. Ал психологиялык жактан татаал каармандардын ролун да жеткире аткарган. Делонду дүйнө кинематографиясынын "эң келбеттүү мырзасы" деп мүнөздөшкөн.

Делондо адистешкен актёрдук билими болгон эмес, өзүнүн айтымында, ал актёрдук чеберчиликти кино тартылган талаалардан эле үйрөнгөн. Алгач Лукино Висконтинин “Рокко жана анын агайындары” (1960) тасмасы Делонго атактуулук алып келди. Анын актёр катары тартылган эң белгилүү эмгектери - “Кара жоогазын”, “Зорро”, “Полициянын окуясы”, “Тегеран-43”, “Багынгыс”.

“Биздин тарых” тасмасындагы мырзанын мыкты ролу үчүн “Сезар” кино сыйлыгына татыган. Делон жалпысынан 70тен ашык тасмага тартылган.

Ошондой эле отуздан ашык тасмага продюссер, үч киного режиссёр болгон, сценарийлерди жазган, өзүн ырчы катары да сынаган.

Ален Делондун эмгектери түрдүү сыйлыктарга татыган. Ардактуу легион орденинин кавалери.

Делон бир нече жыл онкологиялык дарт менен күрөштү, Альцгеймер оорусунан да жабыркаган.

Актер Парижден анча алыс эмес Душа коммунасындагы өзү жашаган үйдө көз жумду.

XS
SM
MD
LG