Ростов облусуна дрондон сокку урулуп, күйүүчү май сакталган кампадан өрт чыкты

Иллюстрациялык сүрөт.

Жекшембиге караган түнү Орусиянын түштүк аймактары учкучсуз учактардын чабуулуна кабылды. Ростов облусунун түштүк чыгышында дрондук сыныктары дизел сакталган кампага түшүп, өрт тутанганын аймактын губернатору Василий Голубев билдирди. Кампа өткөн түнү эки жолу соккуга кабылган.

Орусиянын Коргоо министрлиги түнү Белгород, Курск жана Ростов облустарына атылган беш учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

Март айынан бери Орусиянын Украина менен чектешкен аймактары украин тараптан аткылоолорго жана дрон чабуулдарына кабылып келет. Киев бул соккулар боюнча комментарий бербейт.

Дагы караңыз

Курск: Глушково районундагы экинчи көпүрө ураганы кабарландыЫсык-Көлдө унаа сүзүп кеткен милиция кызматкери Бишкекке жеткирилдиИталиялык телеканал Суджадагы сюжетинен кийин кабарчыларын чакыртып алдыМАГАТЭ Запорожье АЭСине коркунуч жаралганын билдирди