Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

Италиялык телеканал Суджадагы сюжетинен кийин кабарчыларын чакыртып алды


Италиялык Rai телеканалы Курск облусундагы репортажынан кийин кабарчысы Стефания Баттистини, жана оператору Симоне Траинини коопсуздугуна байланыштуу чакырып алды.

17-августта Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Суджа шаарындагы сюжетинен кийин италиялык журналисттерге кылмыш ишин козгогону белгилүү болгон. Журналисттер тобу ал жакка украин аскерлери менен барып, репортаж тарткан, жергиликтүү тургундар менен сүйлөшкөн. Орусияда Баттистини менен Траини орус чек арасынан мыйзамсыз өткөн деп айыпталып жатат.

Rai журналисттерин чакыртып алганын аларга кылмыш изи козголгону тууралуу расмий маалыматтын алдында жарыялады.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 16-августта Италиянын Москвадагы элчисин чакырып, нааразылыгын билдирген. Мекеме журналисттер Орусиянын мыйзамдарын жана “журналистикалык этиканын жөнөкөй эрежелерин” бузганын белгилеген.

Rai телеканалдын кызматкерлери эл аралык укуктун негизинде иш алып барышканын, алардын бир эле максаты – конфликтти реалдуу документтештирүү болгонун тактаган.

Орусия менен Украинанын чек арасындагы кырдаал боюнча CNN телеканалы да репортаж даярдаган. Федералдык коопсуздук кызматы телеканалдын кабарчысы Ник Уолштун материалын текшере турганын маалымдады. Бул боюнча чечим кийинчерээк кабыл алынмакчы. Буга чейин Уолш Орусиянын чек арасынан өтпөгөнү айтылган.

XS
SM
MD
LG